# 105-берене. Өрт өчүрүүчү түтүк суу жыйнагычтарына жана өрт бутактанууларына карата талаптар

- Документ: [Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111357)
- Документтеги орду: 26-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 7-июнундагы № 78 "Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 78
- Кабыл алынган күнү: 07.06.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.12.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 13 декабря 2022 года № 118 "О пожарной безопасности"](https://aqlex.ai/kg/doc/112454)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-105>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2176/edition/1209380/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111357/st-105.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.12.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө, 105-берене (13.12.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-105

---

1. Өрт өчүрүүчү түтүк суу жыйнагычтары суунун эки же андан көп агымын өрт насосунун соруучу келте түтүгүнүн кире беришинде бириктирүүнү камсыз кылууга тийиш.

Өрт өчүрүүчү түтүк суу жыйнагычтары ар бир бириктирилген келте түтүктөн кайтарып берме клапандар менен жабдылууга тийиш.

2. Өрт бутактануулары суунун же көбүк жаратуучу эритмесинин магистралдык агымын жумушчу өрт түтүктөрүнүн линияларына бөлүштүрүүнү жана бул линияларда от өчүрүүчү заттардын чыгымдалышын жөнгө салууну камсыз кылууга тийиш.

Өрт өчүрүүчү түтүк бутактанууларынын жабуучу түзүлүштөрүн башкаруу органдарындагы механикалык күч келүү жумушчу басымында 100 ньютондон ашпоого тийиш.

---

Мурунку берене: [104-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-104)  
Кийинки берене: [106-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-106)
