# 104-берене. Өрт найларына, көбүк генераторлоруна жана көбүк аралаштыргычтарга карата талаптар

- Документ: [Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111357)
- Документтеги орду: 26-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 7-июнундагы № 78 "Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 78
- Кабыл алынган күнү: 07.06.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.12.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 13 декабря 2022 года № 118 "О пожарной безопасности"](https://aqlex.ai/kg/doc/112454)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-104>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2176/edition/1209380/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111357/st-104.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.12.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө, 104-берене (13.12.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-104

---

1. Өрт найларынын (кол жана лафеттик) конструкциясы төмөнкүлөрдү камсыз кылууга тийиш:

1) чоргодон чыкканда от өчүрүүчү заттардын (анын ичинде төмөнкү бөлүштүрүлүштөгү аба-механикалык көбүктүн) туташ же чачыраган агымын калыптандырууну;

2) чачыраган агым факелинин конусу боюнча от өчүрүүчү заттардын тегиз бөлүштүрүлүшүн;

3) агымдын туташ түрүнөн чачыраган түрүнө чейин үзгүлтүксүз өзгөрүшүн;

4) от өчүрүүчү заттарды (универсал типтеги найлар үчүн) берүүнү токтотпостон, алардын чыгымдалышынын өзгөрүшүн;

5) найдын бекемдигин, бириктирүүнүн жана жабуучу түзүлүштүн жумушчу басымында жылчыксыз болушун;

6) тике жайгашкан жалпак беттерде берилген бурчтарда лафеттик найлардын абалын бекемдөөнү;

7) тике жана туурасынан жайгашкан жалпак беттерде лафеттик найлардын буруучу механизмдерин гидроиштеткич жана электриштеткич аркылуу кол менен жана аралыктан башкаруу мүмкүндүгүн.

2. Көбүк генераторлорунун конструкциясы төмөнкүлөрдү камсыз кылууга тийиш:

1) орто жана жогорку бөлүштүрүлүштөгү аба-механикалык көбүктүн агымын калыптандырууну;

1) найдын бекемдигин, бириктирүүнүн жана жабуучу түзүлүштүн жумушчу басымында жылчыксыз болушун;

3. Көбүк аралыштыргычтар (жөндөлүүчү жана жөндөлбөөчү дозалагычы менен) аба-көбүк найларында жана көбүк генераторлорунда белгилүү бөлүнүштө көбүк алуу үчүн көбүк жаратуучудан берилген концентрациядагы суу эритмесин алууну камсыз кылууга тийиш.

---

Мурунку берене: [103-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-103)  
Кийинки берене: [105-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-105)
