104-берене. Өрт найларына, көбүк генераторлоруна жана көбүк аралаштыргычтарга карата талаптар
Күчүн жоготкон · 13.12.2022 редакциясы · 26-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 13 декабря 2022 года № 118.
1. Өрт найларынын (кол жана лафеттик) конструкциясы төмөнкүлөрдү камсыз кылууга тийиш:
1) чоргодон чыкканда от өчүрүүчү заттардын (анын ичинде төмөнкү бөлүштүрүлүштөгү аба-механикалык көбүктүн) туташ же чачыраган агымын калыптандырууну;
2) чачыраган агым факелинин конусу боюнча от өчүрүүчү заттардын тегиз бөлүштүрүлүшүн;
3) агымдын туташ түрүнөн чачыраган түрүнө чейин үзгүлтүксүз өзгөрүшүн;
4) от өчүрүүчү заттарды (универсал типтеги найлар үчүн) берүүнү токтотпостон, алардын чыгымдалышынын өзгөрүшүн;
5) найдын бекемдигин, бириктирүүнүн жана жабуучу түзүлүштүн жумушчу басымында жылчыксыз болушун;
6) тике жайгашкан жалпак беттерде берилген бурчтарда лафеттик найлардын абалын бекемдөөнү;
7) тике жана туурасынан жайгашкан жалпак беттерде лафеттик найлардын буруучу механизмдерин гидроиштеткич жана электриштеткич аркылуу кол менен жана аралыктан башкаруу мүмкүндүгүн.
2. Көбүк генераторлорунун конструкциясы төмөнкүлөрдү камсыз кылууга тийиш:
1) орто жана жогорку бөлүштүрүлүштөгү аба-механикалык көбүктүн агымын калыптандырууну;
1) найдын бекемдигин, бириктирүүнүн жана жабуучу түзүлүштүн жумушчу басымында жылчыксыз болушун;
3. Көбүк аралыштыргычтар (жөндөлүүчү жана жөндөлбөөчү дозалагычы менен) аба-көбүк найларында жана көбүк генераторлорунда белгилүү бөлүнүштө көбүк алуу үчүн көбүк жаратуучудан берилген концентрациядагы суу эритмесин алууну камсыз кылууга тийиш.
Берененин тексти 13.12.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
104-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111357/st-104" title="104-берене - Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>