# 1-берене. Ушул Мыйзамдын максаты жана колдонуу чөйрөсү

- Документ: [Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111357)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 7-июнундагы № 78 "Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 78
- Кабыл алынган күнү: 07.06.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.12.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 13 декабря 2022 года № 118 "О пожарной безопасности"](https://aqlex.ai/kg/doc/112454)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2176/edition/1209380/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111357/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.12.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө, 1-берене (13.12.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-1

---

1. Ушул Мыйзам жарандардын өмүрүн жана ден соолугун, жеке жана юридикалык жактардын мүлкүн, мамлекеттик жана муниципалдык мүлктү өрттөн сактоого багытталган, өрт коопсуздугу жаатында техникалык жөнгө салуунун негизги жоболорун аныктайт жана продукцияларга, коргоо объекттерине, анын ичинде имараттар менен курулмаларга, өндүрүш объекттерине, өрт-техникалык продукцияларына жана жалпы арналыштагы продукцияларга карата өрт коопсуздугунун жалпы талаптарын белгилейт.

2. Ушул Мыйзамдын талаптары төмөнкүлөрдү аткаруу үчүн милдеттүү болот:

1) курулуш объекттерин долбоорлоодо, курууда, профилин кайра өзгөртүүдө, кайра пландаштырууда же реконструкциялоодо, капиталдык оңдоодо, коргоо объекттерин техникалык кайра жабдууда, техникалык тейлөөдө, эксплуатациялоодо жана утилдештирүүдө;

2) өрт коопсуздугунун талаптарын камтыган коргоо объекттерине ченемдик укуктук актыларды, техникалык документтерди иштеп чыгууда, кабыл алууда, колдонууда жана аткарууда.

3. Аскердик арналыштагы объекттерге, радиоактивдүү жана жарылуучу заттар менен материалдарды өндүрүү, кайра иштетүү, сактоо объекттерине, куралдарды жана жардыруучу каражаттарды жок кылуу жана сактоо, тоо-кен иштетүү, токой объекттерине ушул Мыйзам менен катар Кыргыз Республикасынын өрт коопсуздугу жаатындагы тиешелүү ченемдик укуктук актыларынын талаптары да сакталууга тийиш.

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111357/st-2)
