# 9-берене. Шаардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын аппаратынын жетекчиси, айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы

- Документ: [Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111354)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 30-майындагы № 75 "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 75
- Кабыл алынган күнү: 30.05.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 27 октября 2021 года № 125 "О государственной гражданской службе и муниципальной службе"](https://aqlex.ai/kg/doc/112303)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111354/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2173/edition/1100195/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111354/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө, 9-берене (27.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111354/st-9

---

1. Шаарлардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында аппарат жетекчисинин кызмат орду киргизилет.

2. Айыл өкмөттөрүндө жооптуу катчынын кызмат орду киргизилет.

3. Аппарат жетекчиси, жооптуу катчы:

1) муниципалдык кызмат чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашырат;

2) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын максаттарына жана милдеттерине жетишүү боюнча анын ишин уюштурууну камсыз кылат;

3) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ишинин стратегиялык, келечектүү пландарын, түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана кызматчыларынын пландарын иштеп чыгууну уюштурат;

4) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын персоналын башкаруу кызматынын ишин уюштурат;

5) кызматчыларды карьералык пландоону камсыз кылат;

6) кадрларды тандоону жана жайгаштырууну уюштурат;

7) коррупцияга каршы чараларды иштеп чыгат жана алардын ишке ашырылышын уюштурат;

8) башкаруунун жаңы технологияларын, анын ичинде процессти автоматташтырууну жана электрондук башкарууну ишке киргизүүнү уюштурат;

9) колдоо иш-милдеттерин, анын ичинде финансылык, материалдык жана адам ресурстарын башкарууну жүзөгө ашырат;

10) кызыкчылыктардын кагылышуусунун алдын алуу, аныктоо жана чечүү боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырат;

11) кызматчылардын дараметин жогорулатууну камсыз кылат;

12) кызматчыларды материалдык жана материалдык эмес жүйөлөштүрүүнүн механизмдерин иштеп чыгат;

13) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ишине мониторинг жүргүзүү тутумун иштеп чыгат жана иштешин камсыз кылат;

14) аткаруу жана эмгек тартибин көзөмөлдөөнү жүзөгө ашырат;

15) кызматчылардын ишин баалоону (мындан ары - баалоо) жүргүзүүнү уюштурат;

16) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ишин өркүндөтүү боюнча сунуштарды даярдайт.

---

Мурунку берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111354/st-8)  
Кийинки берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111354/st-10)
