# 6-берене. Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңеш

- Документ: [Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111354)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 30-майындагы № 75 "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 75
- Кабыл алынган күнү: 30.05.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 27 октября 2021 года № 125 "О государственной гражданской службе и муниципальной службе"](https://aqlex.ai/kg/doc/112303)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111354/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2173/edition/1100195/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111354/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө, 6-берене (27.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111354/st-6

---

1. Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңеш (мындан ары - Кеңеш) мамлекеттик жарандык кызматты жана муниципалдык кызматты өнүктүрүү стратегиясын калыптандыруучу коллегиялык орган болуп саналат.

2. Кеңеш муниципалдык кызматтын саясатын түзүү маселелерин Конституцияда белгиленген мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш-милдеттерин жана ыйгарым укуктарын ажырымдап бөлүү принцибинин негизинде жөнгө салат.

3. Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндө мыйзамдардын долбоорлорун демилгелөөдө Кеңеш сунуштама түрүндө корутунду берет.

4. Кеңештин ыйгарым укуктарына төмөнкүлөр кирет:

1) мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;

2) мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат тутумуна коррупцияга каршы механизмдерин киргизүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;

3) мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат маселелери боюнча ченемдик укуктук базаларды өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;

4) статс-катчылардын кызмат ордуна дайындоо үчүн талапкерлерди конкурстук тандоо жана сунуштоо;

5) баалоонун негизинде статс-катчылардын рейтингин аныктоо;

6) статс-катчылардын мыйзамсыз иш-аракеттерине даттанууларды кароо, кызматтык териштирүүлөрдү дайындоо;

7) статс-катчыларды ротациялоого же кызмат ордунан бошотууга макулдук берүү же макулдук берүүдөн баш тартуу;

8) мыйзамдарда каралган учурларда статс-катчыларды кызмат ордунан бошотуу жөнүндө маселени демилгелөө.

5. Кеңеш мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат тутумундагы иштин жалпы абалы жана анын натыйжалуулугун жогорулатуу чаралары тууралуу мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин маалыматын угат.

6. Кеңештин курамына төмөнкүлөр кирет:

1) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши (мындан ары - Жогорку Кеңеш) тарабынан бир жылдык мөөнөткө аныкталган парламенттик көпчүлүктүн бир өкүлү (Кеңештин төрагасынын орун басары) жана парламенттик оппозициянын бир өкүлү;

2) Кыргыз Республикасынын Президенти (мындан ары - Президент) тарабынан бир жылдык мөөнөткө аныкталган Кыргыз Республикасынын Президентинин бир өкүлү (Кеңештин төрагасынын орун басары);

3) Кыргыз Республикасынын Премьер-министри (мындан ары - Премьер-министр) тарабынан бир жылдык мөөнөткө аныкталган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн (мындан ары - Өкмөт) эки өкүлү;

4) Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун (мындан ары - Жогорку сот) төрагасы тарабынан Жогорку соттун мүчөлөрүнүн ичинен бир жылдык мөөнөткө аныкталган Жогорку соттун бир өкүлү;

5) Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу бирлиги тарабынан бир жылдык мөөнөткө аныкталган шаардын мэри жана айыл өкмөтүнүн башчысы;

6) мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси (Кеңештин төрагасы) туруктуу негизде.

7. Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кеңештин жумушчу органы болуп саналат.

8. Кеңештин иш тартиби Президент тарабынан бекитилүүчү Регламент менен аныкталат.

Караңыз: КР Президентинин 2016-жылдын 30-декабрындагы ПЖ № 307 "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин регламентин бекитүү жөнүндө" Жарлыгы

---

Мурунку берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111354/st-5)  
Кийинки берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111354/st-7)
