# 5-берене. Мамлекеттик жарандык кызматты жана муниципалдык кызматты башкаруу тутуму

- Документ: [Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111354)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 30-майындагы № 75 "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 75
- Кабыл алынган күнү: 30.05.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 27 октября 2021 года № 125 "О государственной гражданской службе и муниципальной службе"](https://aqlex.ai/kg/doc/112303)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111354/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2173/edition/1100195/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111354/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө, 5-берене (27.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111354/st-5

---

1. Мамлекеттик жарандык кызматты башкаруу тутумун төмөнкүлөр түзөт:

1) Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңеш;

2) мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;

3) мамлекеттик органдардын статс-катчылары (мындан ары - статс-катчы);

4) мамлекеттик органдардын персоналын башкаруу кызматы же болбосо персоналды башкаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу адам.

2. Муниципалдык кызматты башкаруу тутумун төмөнкүлөр түзөт:

1) мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кенеш - муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү саясатты түзүү бөлүгүндө;

2) мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - муниципалдык кызматтын саясатын иштеп чыгуу жана аны ишке ашырууну камсыз кылуу бөлүгүндө;

3) шаарлардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аппараттарынын жетекчилери жана айыл өкмөттөрүнүн жооптуу катчылары;

4) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын персоналды башкаруу кызматы же болбосо персоналды башкаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу адам.

---

Мурунку берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111354/st-4)  
Кийинки берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111354/st-6)
