# 48-берене. Тараптардын эркине байланышпаган жагдайлар боюнча мамлекеттик органындагы, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органындагы кызматты токтотуу

- Документ: [Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111354)
- Документтеги орду: 9-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 30-майындагы № 75 "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 75
- Кабыл алынган күнү: 30.05.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 27 октября 2021 года № 125 "О государственной гражданской службе и муниципальной службе"](https://aqlex.ai/kg/doc/112303)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 12 апреля 2019 года № 48 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственной гражданской службе и муниципальной службе"](https://aqlex.ai/kg/doc/111893)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111354#diff=1100196..1100197>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111354/st-48>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2173/edition/1100195/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111354/st-48.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө, 48-берене (27.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111354/st-48

---

1. Тараптардын эркине байланышпаган жагдайлар боюнча мамлекеттик органындагы, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органындагы кызмат төмөнкү учурларда токтотулушу мүмкүн:

1) мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жоюлганда;

2) кызматчы аскердик кызматка чакырылганда же аскердик кызматтан алмаштырган альтернативдүү жарандык кызматка жөнөтүлгөндө;

3) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын же соттун чечими боюнча мамлекеттик кызматчыны мурда ээлеген ошол кызмат ордун калыбына келтиргенде;

4) соттун мыйзамдуу күчүнө кирген айыптоо өкүмүнө ылайык кызматчыга мурда иштеген ишин улантууну жокко чыгарган жаза дайындалганда;

5) медициналык корутундуга ылайык ден соолугунун абалына;

6) кызматчы каза болгондо, ошондой эле сот тарабынан кызматчы өлдү же дайынсыз жоголду деп таанылганда;

7) мамлекеттик жана муниципалдык кызматка кабыл алуунун белгиленген эрежелерин бузганда.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 3-пунктунда каралган негиздер боюнча кызмат ордунан бошотулган кызматчыга бош орун болгондо мурдагыга теңдеш башка же төмөн турган кызмат орду сунуш кылынат. Бош орун болбогон учурда же болбосо кызматчы кызмат орундан баш тартканда, анын макулдугу боюнча кадрлардын ички резервине киргизилет.

3. Аскер кызматына чакырылганына же аны алмаштыруучу альтернативдүү жарандык кызматка жөнөтүлгөнүнө байланыштуу кызматынан бошотулуп жаткан кызматчы, чакыруудан кайтып келгенден кийин, бир айдын ичинде анын жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде, тиешелүүлүгүнө жараша ошол мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кадрларынын ички резервине киргизилет.

(КР 2019-жылдын 12-апрелиндеги N 48 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [47-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111354/st-47)  
Кийинки берене: [49-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111354/st-49)
