# 46-берене. Мамлекеттик жарандык кызматчынын жана муниципалдык кызматчынын өз каалоосу боюнча кызматын токтотуусу

- Документ: [Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111354)
- Документтеги орду: 9-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 30-майындагы № 75 "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 75
- Кабыл алынган күнү: 30.05.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 27 октября 2021 года № 125 "О государственной гражданской службе и муниципальной службе"](https://aqlex.ai/kg/doc/112303)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111354/st-46>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2173/edition/1100195/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111354/st-46.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө, 46-берене (27.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111354/st-46

---

1. Кызматты токтотуу кызматчынын өз каалоосу боюнча анын жазуу жүзүндө берген арызынын негизинде жүзөгө ашырылышы мүмкүн.

2. Кызматчы жазуу жүзүндөгү арызында арыз берген учурдан тартып 2 жумадан кечикпестен келе турган кызматты токтотуу датасын көрсөтөт.

3. Эгерде жазуу жүзүндөгү арызда кызматты токтотуу датасын көрсөтүлбөгөн учурда, кызматчы арыз берген учурдан тартып 2 жума өткөндөн кийин кызматтан бошотулат.

4. Эгерде мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан бошотуу тууралуу чечим чыгарылбаган учурда, кызматчы арызында көрсөтүлгөн мөөнөт өткөнгө чейин 3 күндөн кечиктирбестен өз арызын чакыртып алууга укуктуу.

5. Арызда көрсөтүлгөн мөөнөт өткөндөн кийин кызматчы ишин токтотууга укуктуу, ал эми мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы кызматтын акыркы күнү иштен бошогон адамга эмгек китепчесин берүүгө жана ага тиешелүү сумманы төлөп берүүгө милдеттүү.

---

Мурунку берене: [45-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111354/st-45)  
Кийинки берене: [47-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111354/st-47)
