# 45-берене. Мамлекеттик органда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органында кызматты токтотуу

- Документ: [Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111354)
- Документтеги орду: 9-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 30-майындагы № 75 "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 75
- Кабыл алынган күнү: 30.05.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 27 октября 2021 года № 125 "О государственной гражданской службе и муниципальной службе"](https://aqlex.ai/kg/doc/112303)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111354/st-45>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2173/edition/1100195/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111354/st-45.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө, 45-берене (27.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111354/st-45

---

1. Кызматты токтотуу үчүн төмөнкүлөр негиз болуп саналат:

1) кызматчыны өз каалоосу боюнча бошотуу;

2) кызматчыны мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын же ыйгарым укуктуу кызмат адамынын демилгеси боюнча бошотуу;

3) кызматчыны тараптардын эркинен көз карандысыз жагдайлар боюнча бошотуу.

2. Кызматчыны мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын демилгеси боюнча бошотуу жетекчи тарабынан ушул Мыйзамга ылайык тиешелүү жол-жоболорду аткаргандан кийин жүзөгө ашырылат.

3. Мамлекеттик органдарда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында саясий мамлекеттик кызмат орундарын, атайын мамлекеттик кызмат орундарын жана саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдардын алмашуусу административдик кызмат орундарын ээлеген кызматчыларды кызмат ордунан бошотуу, төмөндөтүү, ротациялоо үчүн негиз болуп саналбайт.

---

Мурунку берене: [44-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111354/st-44)  
Кийинки берене: [46-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111354/st-46)
