# 43-берене. Кызыкчылыктардын кагылышуусу

- Документ: [Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111354)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 30-майындагы № 75 "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 75
- Кабыл алынган күнү: 30.05.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 27 октября 2021 года № 125 "О государственной гражданской службе и муниципальной службе"](https://aqlex.ai/kg/doc/112303)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111354/st-43>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2173/edition/1100195/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111354/st-43.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө, 43-берене (27.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111354/st-43

---

1. Кызматчынын жеке (өзүнүн) кызыкчылыгы анын расмий милдеттерин же иш-милдеттерин аткарууга таасир тийгизиши мүмкүн болгон учурларда кызыкчылыктардын кагылышуусу пайда болот, бул жарандардын, уюмдардын же мамлекеттин укуктарын жана кызыкчылыктарын бузууга алып келет же алып келиши мүмкүн.

Мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында кызыкчылыктардын кагылышуусун башкаруу тартиби кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө мыйзамдарга ылайык жүзөгө ашырылат.

2. Мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоо боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү.

3. Мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси кызыкчылыктардын кагылышуусунун келип чыгуу тобокелдиги болгондо, кызматтык териштирүү жүргүзүүнү демилгелөөгө милдеттүү.

4. Кызматтык териштирүүнүн натыйжалары боюнча мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси кызыкчылыктардын кагылышуусун четтетүү боюнча чараларды көрөт.

5. Кызыкчылыктардын кагылышуусунун алдын алуу маселеси боюнча түздөн-түз ага баш ийген кызматчы кайрылган учурда, мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси тарабынан чара көрүлбөөсү ишенимди жоготкондугуна байланыштуу жетекчини кызмат ордунан бошотуу үчүн негиз болуп саналат.

---

Мурунку берене: [42-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111354/st-42)  
Кийинки берене: [44-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111354/st-44)
