# 42-берене. Мамлекеттик жарандык кызматчынын жана муниципалдык кызматчынын этикасы

- Документ: [Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111354)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 30-майындагы № 75 "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 75
- Кабыл алынган күнү: 30.05.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 27 октября 2021 года № 125 "О государственной гражданской службе и муниципальной службе"](https://aqlex.ai/kg/doc/112303)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111354/st-42>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2173/edition/1100195/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111354/st-42.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө, 42-берене (27.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111354/st-42

---

1. Мамлекеттик жарандык кызматчынын жана муниципалдык кызматчынын этикасы - бул кызматчынын жүрүм-турум эрежелерин белгилөөчү жана жөнгө салуучу ченемдердин тутуму.

2. Этиканы сактоо ар бир кызматчынын милдети болуп саналат.

3. Кызматчы этиканын төмөнкү принциптерин сактоого тийиш:

1) өзүн ар дайым мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин ак ниеттүүлүгүнө, калыстыгына жана натыйжалуулугуна жарандардын ишенимин калыптандыргандай, сактагыдай жана бекемдегидей алып жүрүү;

2) пайда көздөгөн кызыкчылыктарга жана мыйзамсыз баюуга жетишүү үчүн кызматтык абалын пайдаланууга жол бербөө;

3) сылык, сыпайы, чыдамдуу, принциптүү болуу, маселенин маңызын терең түшүнүүгө умтулуу, аңгемелешкен адамды угуу жана анын мүдөөсүн түшүнө билүү;

4) башка кызматчылар тарабынан этиканын ченемдерин бузуу фактылары аныкталган учурда Этика кодексинде каралган чараларды көрүү;

5) өзүнө баш ийген адамды укукка сыйбаган чечимдерди кабыл алууга же мыйзамсыз аракеттерди жасоого мажбурлабоо;

6) өз ишинде кызыкчылыктардын кагылышуусуна жол бербөө;

7) кызматтык милдеттерин ак ниет аткаруу;

8) элдердин үрп-адаттарына жана каада-салттарына сый-урмат менен мамиле кылуу;

9) өзүнүн кызматтык ишине кимдир-бирөө, анын ичинде ээлеген кызмат орундарына жана абалына карабастан башка кызмат адамдары тарабынан мыйзамсыз таасирге же таасир этүүгө жол бербөө;

10) мамлекеттин жана коомдун алдында моралдык жана адеп-ахлактык жоопкерчилик тартуу.

4. Мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси өзүнө баш ийген кызматчылар тарабынан этиканы бузууларды болтурбоого жана бөгөт коюуга карата бардык чараларды көрүүгө милдеттүү.

5. Статс-катчы (аппарат жетекчи, жооптуу катчы) жамаатта кызматчылар тарабынан этиканын бузулушун болтурбоочу жумушчу атмосферасын түзүү үчүн жоопкерчилик тартат.

6. Этика кодекси Кеңеш тарабынан бекитилет.

---

Мурунку берене: [41-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111354/st-41)  
Кийинки берене: [43-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111354/st-43)
