# 40-берене. Мамлекеттик органды, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органын жоюуда же кайра уюштурууда мамлекеттик жарандык кызматчы жана муниципалдык кызматчы үчүн кепилдиктер

- Документ: [Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111354)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 30-майындагы № 75 "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 75
- Кабыл алынган күнү: 30.05.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 27 октября 2021 года № 125 "О государственной гражданской службе и муниципальной службе"](https://aqlex.ai/kg/doc/112303)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111354/st-40>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2173/edition/1100195/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111354/st-40.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө, 40-берене (27.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111354/st-40

---

1. Мамлекеттик органды, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органын жоюуда же кайра уюштурууда, анын штатын кыскартууда кызматчыга анын кесибин жана квалификациясын эске алуу менен кызмат орундарынын тиешелүү категориясынын чектеринде башка иш сунуш кылынууга тийиш. Бош орун болбогон учурда жана иштен бошотулуп жаткан кызматчы макул болгондо, ага төмөн турган жаңы кызмат ордундагы бардык мезгилде мурда иштеген жери боюнча орточо эмгек акысын сактап калуу менен төмөн турган категориядагы же базалык ставкасы төмөн болгон башка кызмат орду берилет.

2. Сунуш кылынган кызмат ордунан баш тарткан учурда, кызматчы иштен бошотулат жана анын каалоосу боюнча мамлекеттик жана муниципалдык ишканаларда, мекемелерде жана жеке сектордо аны ишке орноштуруу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу максатында кайра даярдоого жиберилиши мүмкүн.

3. Мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жоюлганына, кайра уюштурулганына же штатын кыскартылганына байланыштуу кызматтан бошотууда сунуш кылынган иштен баш тарткан учурда кызматчыга төмөнкүлөр төлөнөт:

1) ошол органдагы иштеген толук жылдарынын санына эмгек акынын орточо айлык өлчөмүнүн төрттөн бирин көбөйтүү жолу менен аныкталган, бирок мурда ээлеген кызмат орду боюнча орточо үч айлык эмгек акысынан төмөн болбогон иштен кетүү жөлөкпулу;

2) эгерде кызматчы бошотулгандан кийин 10 жумушчу күндүн ичинде иш менен камсыз кылуу кызматында жумуш издеген адам катары катталган шартта, 3 айдын ичинде мурда ээлеген кызмат орду боюнча орточо эмгек акы.

4. Кызматчынын орточо эмгек акысы кызматчынын мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта иштеген акыркы 12 айдын ичиндеги төлөмдөрдүн негизинде эсептелет.

5. Ушул беренеде каралган негиздер боюнча кызматтан бошонуп жаткан (бошотулган) адамдын арызы боюнча бул адам кадрлардын ички резервине киргизилиши мүмкүн.

---

Мурунку берене: [39-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111354/st-39)  
Кийинки берене: [41-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111354/st-41)
