# 4-берене. Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын принциптери

- Документ: [Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111354)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 30-майындагы № 75 "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 75
- Кабыл алынган күнү: 30.05.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 27 октября 2021 года № 125 "О государственной гражданской службе и муниципальной службе"](https://aqlex.ai/kg/doc/112303)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111354/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2173/edition/1100195/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111354/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө, 4-берене (27.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111354/st-4

---

Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат мамлекеттик башкаруу тутумунун бирдиктүүлүгүнө жана бүтүндүгүнө негизденет жана төмөнкү принциптерде аракеттенет:

1) Конституциянын үстөмдүгү;

2) туруктуулук жана жолун улануучулук;

3) кесипкөйлүк, компетенттүүлүк жана демилгелүүлүк;

4) кызматка кирүүдө Кыргыз Республикасынын жарандарынын жынысына, расасына, тилине, майыптуулугунун болушуна, этностук таандыктыгына, туткан динине, саясий же башка ынанымдарына, тегине, мүлктүк же башка абалына карабастан бирдей жеткиликтүүлүк;

5) кесипкөй сиңирген эмгегинин негизинде кызматка көтөрүлүү;

6) кызматтык милдеттерди аткарууда тартиптүү жана жеке жоопкерчиликтүү болуу;

7) кызматчылардын укуктук, экономикалык жана социалдык жактан корголуусу, аларга жана алардын үй-бүлөсүнө татыктуу турмуш деңгээлин кепилдөө;

8) кызматчылардын ишине саясий, диний таасир тийгизүүнү жана мыйзамсыз кийлигишүүнү болтурбоо.

---

Мурунку берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111354/st-3)  
Кийинки берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111354/st-5)
