# 36-берене. Мамлекеттик жарандык кызматчылардын жана муниципалдык кызматчылардын материалдык жоопкерчилиги

- Документ: [Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111354)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 30-майындагы № 75 "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 75
- Кабыл алынган күнү: 30.05.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 27 октября 2021 года № 125 "О государственной гражданской службе и муниципальной службе"](https://aqlex.ai/kg/doc/112303)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111354/st-36>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2173/edition/1100195/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111354/st-36.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө, 36-берене (27.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111354/st-36

---

1. Келтирилген зыян үчүн кызматчынын материалдык жоопкерчилиги анын күнөөлүү жана укукка каршы жүрүм-турумунун (аракетинин же аракетсиздигинин) натыйжасында келип чыгат.

2. Кызматчы тарабынан кызматтык ыйгарым укуктарын аткаруудагы мыйзамсыз аракеттеринин (аракетсиздигинин) натыйжасында үчүнчү жактарга келтирген зыяндын орду ал кызматта турган мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан толтурулууга жатат.

3. Мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы келтирилген зыяндын ордун бюджеттин тиешелүү бөлүгүндө ушул органды финансылоо үчүн каралган каражаттардын эсебинен толтурууга милдеттүү.

4. Зыяндын ордун толтурган мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы түздөн-түз укукка сыйбаган аракеттерди жасаган кызматчыга кайтарма талаптарды (регресс) коюушу мүмкүн.

5. Мамлекеттик органга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына зыян келтирген аракети (аракетсиздиги) үчүн кызматчынын тартиптик, административдик же жазык жоопкерчилигине тартылганына карабастан кызматчы тарабынан зыяндын орду толтуруу жүргүзүлөт.

6. Эгерде сотто чечим кабыл алган адам тарабынан кызматчынын эмгек укуктары бузулганы далилденген жана анын кесепетинен соттун чечими боюнча жаранга мыйзамда каралган төлөмдөр төлөнүп берилген учурда, мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы соттун чечиминин негизинде, чечим кабыл алган адамдын эмгек акысынан ал келтирген зыяндын суммасын кармап калууга милдеттүү. Башка учурларда келтирилген зыяндын ордун толтуруу мыйзамдардын алкактарында жүзөгө ашырылат.

7. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мамлекетке материалдык зыян келтирген кызматчылардын жана кызмат адамдарынын маалыматтык базасын түзөт жана жүргүзөт.

8. Мамлекетке материалдык зыян келтирген кызматчылардын маалыматтык базасын жүргүзүүнүн тартиби Өкмөт тарабынан аныкталат.

---

Мурунку берене: [35-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111354/st-35)  
Кийинки берене: [37-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111354/st-37)
