Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
36-берене. Мамлекеттик жарандык кызматчылардын жана муниципалдык кызматчылардын материалдык жоопкерчилиги
Күчүн жоготкон · 27.10.2021 редакциясы · 6-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 27 октября 2021 года № 125.
1. Келтирилген зыян үчүн кызматчынын материалдык жоопкерчилиги анын күнөөлүү жана укукка каршы жүрүм-турумунун (аракетинин же аракетсиздигинин) натыйжасында келип чыгат.
2. Кызматчы тарабынан кызматтык ыйгарым укуктарын аткаруудагы мыйзамсыз аракеттеринин (аракетсиздигинин) натыйжасында үчүнчү жактарга келтирген зыяндын орду ал кызматта турган мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан толтурулууга жатат.
3. Мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы келтирилген зыяндын ордун бюджеттин тиешелүү бөлүгүндө ушул органды финансылоо үчүн каралган каражаттардын эсебинен толтурууга милдеттүү.
4. Зыяндын ордун толтурган мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы түздөн-түз укукка сыйбаган аракеттерди жасаган кызматчыга кайтарма талаптарды (регресс) коюушу мүмкүн.
5. Мамлекеттик органга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына зыян келтирген аракети (аракетсиздиги) үчүн кызматчынын тартиптик, административдик же жазык жоопкерчилигине тартылганына карабастан кызматчы тарабынан зыяндын орду толтуруу жүргүзүлөт.
6. Эгерде сотто чечим кабыл алган адам тарабынан кызматчынын эмгек укуктары бузулганы далилденген жана анын кесепетинен соттун чечими боюнча жаранга мыйзамда каралган төлөмдөр төлөнүп берилген учурда, мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы соттун чечиминин негизинде, чечим кабыл алган адамдын эмгек акысынан ал келтирген зыяндын суммасын кармап калууга милдеттүү. Башка учурларда келтирилген зыяндын ордун толтуруу мыйзамдардын алкактарында жүзөгө ашырылат.
7. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мамлекетке материалдык зыян келтирген кызматчылардын жана кызмат адамдарынын маалыматтык базасын түзөт жана жүргүзөт.
8. Мамлекетке материалдык зыян келтирген кызматчылардын маалыматтык базасын жүргүзүүнүн тартиби Өкмөт тарабынан аныкталат.
Берененин тексти 27.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Берене боюнча Пленумдун түшүндүрмөлөрү жана сот практикасы (1)
Бул беренени колдонгон Жогорку Соттун Пленумунун токтомдору жана Конституциялык соттун чечимдери.
- Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2020-жылдын 23-декабрындагы №11-р (Нурханбек Сакенович Момуналиевдин, Рано Тохтасиновна Юлдашеванын кызыкчылыгын…Сот практикасы · Решение · 23.12.2020 · № 11-р
Беренеге цитата келтиргендер (4)
- Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2020-жылдын 23-декабрындагы №11-р (Нурханбек Сакенович Момуналиевдин, Рано Тохтасиновна Юлдашеванын кызыкчылыгын…Решение · 23.12.2020 · № 11-р
- Кара – Балта шаардык кеңешинин 2018-жылдын 5-декабрындагы № 5 “ТЖЧ” бөлүктөн “Башка кызмат көрсөтүүлөрдү алуу” 2215 статьясынан “Мамлекеттик кызмат” бөлүгүнө “Соттун чечимдерин…Постановление · 05.12.2018 · № 5
- Кара-Балта шаардык кеңешинин 2019-жылдын 22-ноябрындагы № 4 "Кара-Балта шаардык кеңешинин 2018-жылдын 05 декабрндагы №5 “ББФМКШБ “Билим берүү” бөлүктөн “Коммуналдык кызмат” 2231…Постановление · 22.11.2019 · № 4
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-декабрындагы № 656 "“Жеке менчиктин кол тийбестиги жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Салык…Постановление · 12.12.2016 · № 656
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111354/st-36" title="36-берене - Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>