# 34-берене. Мамлекеттик жарандык кызматчыга жана муниципалдык кызматчыга салынуучу тартиптик жазалар

- Документ: [Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111354)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 30-майындагы № 75 "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 75
- Кабыл алынган күнү: 30.05.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 27 октября 2021 года № 125 "О государственной гражданской службе и муниципальной службе"](https://aqlex.ai/kg/doc/112303)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 12 апреля 2019 года № 48 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственной гражданской службе и муниципальной службе"](https://aqlex.ai/kg/doc/111893)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111354#diff=1100196..1100197>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111354/st-34>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2173/edition/1100195/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111354/st-34.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө, 34-берене (27.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111354/st-34

---

1. Кызматчы жүктөлгөн милдеттерди аткарбаганы же талаптагыдай эмес аткарганы, этикалык ченемдерди сактабаганы, кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө мыйзамдарды бузганы үчүн ага тартиптик жазалардын төмөнкү түрлөрү колдонулушу мүмкүн:

1) эскертүү;

2) сөгүш;

3) катуу сөгүш;

4) кызматка толук эмес ылайыксыздыгы жөнүндө эскертүү;

5) класстык ченин төмөндөтүү;

6) кызмат ордунан төмөндөтүү;

7) ээлеген кызматынан бошотуу.

2. Тартиптик жазалар жосун түздөн-түз аныкталгандан кийин, бирок ал жасалган күндөн тартып 6 айдан кечиктирилбестен колдонулат. Кызматчы ага жүктөлгөн милдеттерди ар бир аткарбаганы же талаптагыдай эмес аткарганы үчүн бир гана тартиптик жаза салынышы мүмкүн.

3. Кызматчы ага салынган тартиптик жазанын колдонулуу мезгилинде кызмат ордунан жогорулатылышы мүмкүн эмес.

4. Тартиптик жаза жасалган жосундун оордугун жана мүнөзүн, ошондой эле жосун жасалган жагдайларды эске алуу менен салынат. Жасалган жосундун оордугу жана мүнөзү, ошондой эле башка жагдайлар мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында түзүлүүчү тартиптик комиссия тарабынан аныкталат, анын ишинин натыйжасы мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисине же ыйгарым укуктуу кызмат адамына жазанын конкреттүү түрүн колдонуу жөнүндө сунушту киргизүү болуп саналат.

Мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисине же ыйгарым укуктуу кызмат адамына тартип комиссиясы тарабынан жаза чарасынын конкреттүү түрүн колдонуу жөнүндө сунушту киргизүүгө карата ушул бөлүктүн жоболору статс-катчыларга, ошондой эле ушул Мыйзамдын 24-беренесинин 2-6, 10 жана 11-бөлүктөрүнө ылайык кызмат орундарына дайындалышкан кызматчыларга карата жайылтылбайт.

5. Тартиптик жазаны берүүдө жосун жасалганга чейинки кызматтык иштин бардык жагдайлары эске алынууга тийиш.

6. Тартиптик жаза колдонулганга чейин кызматчыдан жазуу жүзүндө түшүндүрмө берүү талап кылынышы керек. Мындай түшүндүрмө берүүдөн баш тартуу персоналды башкаруу кызматы тарабынан каттала турган акт менен жол-жоболоштурулат жана жаза колдонуу үчүн тоскоолдук болуп кызмат кылбайт.

7. Тартиптик жаза колдонуу жөнүндө буйрук (тескеме, токтом) ал чыккан күндөн тартып 3 жумушчу күндүн ичинде кызматчыга кол койдуруу менен жарыяланат. Кызматчы көрсөтүлгөн буйрукка (тескемеге, токтомго) кол коюудан баш тарткан учурда тиешелүү акт түзүлөт.

8. Тартиптик жаза ал колдонулган күндөн тартып бир жылдын ичинде жарактуу болот. Эгерде ушул мөөнөттүн ичинде кызматчы жаңы тартиптик жазага кабылбаса, анда анын тартиптик жазасы жок деп эсептелет.

9. Мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси же ыйгарым укуктуу кызмат адамы тартиптик жазаны ушул берененин 8-бөлүгүндө көрсөтүлгөн мөөнөт бүткөнгө чейин, бирок жаза салынган күндөн тартып 6 айдан эрте эмес, ошондой эле баалоонун натыйжалары боюнча алып салууга укуктуу.

(КР 2019-жылдын 12-апрелиндеги N 48 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [33-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111354/st-33)  
Кийинки берене: [35-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111354/st-35)
