# 33-берене. Мамлекеттик жарандык кызматчылардын жана муниципалдык кызматчылардын жоопкерчилиги

- Документ: [Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111354)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 30-майындагы № 75 "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 75
- Кабыл алынган күнү: 30.05.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 27 октября 2021 года № 125 "О государственной гражданской службе и муниципальной службе"](https://aqlex.ai/kg/doc/112303)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111354/st-33>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2173/edition/1100195/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111354/st-33.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө, 33-берене (27.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111354/st-33

---

1. Кызматчы мыйзамдарга ылайык тартиптик, административдик, материалдык жана жазык жоопкерчилигин тартат.

2. Тартиптик жоопкерчиликтин дегенде күнөөлүү, укукка каршы жүрүм-туруму, өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарбаганы же талаптагыдай эмес аткарганы (тартипсиз жосундарды жасаганы) үчүн кызматчыга тартиптик таасир этүүнүн чараларын (жаза) колдонуу түшүнүлөт.

3. Кызматчыга тартиптик жаза мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси же ыйгарым укуктуу кызмат адамы тарабынан тартиптик жосунду жасоо фактысы белгиленген же ырасталган учурларда гана берилиши мүмкүн.

4. Тартипсиз жосунду жасоо фактысын белгилөө же ырастоо үчүн мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси ыйгарым укуктуу кызмат адамы тарабынан өздүк демилге боюнча, этика боюнча комиссиянын сунуштамасы боюнча же кызматчынын өзүнүн демилгеси боюнча дайындалуучу кызматтык териштирүү жүргүзүлүшү мүмкүн.

5. Кызматчы тарабынан кызматтык (тартиптик) жосундар жасалганы жөнүндө жеке жана юридикалык жактардын кайрылууларынын негизинде, жалпыга маалымдоо каражаттарында маалыматтар жарыяланган учурларда кызматтык териштирүү жүргүзүлүшү мүмкүн.

6. Кызматтык териштирүү кызматчы иштеген орган тарабынан этика боюнча комиссиянын өкүлдөрүнүн катышуусу менен жүргүзүлөт.

7. Кызматтык териштирүү төмөнкү учурларда токтотулат же болбосо жүргүзүлбөйт:

1) фактылар чындыкка дал келген учурда - кызматчы жасалган жосунда өз күнөөсүн чын дилден моюнуна алганда;

2) тартиптик жоопкерчиликке тартуу мөөнөтү бүткөндө;

3) эгерде жасалган жосунда жазык кылмышынын же административдик жосундун курамынын белгилери аныкталганда, материалдарды тиешелүү мамлекеттик органга берүү менен.

8. Кызматтык териштирүүнү жүргүзүү тартиби Өкмөт тарабынан аныкталат.

---

Мурунку берене: [32-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111354/st-32)  
Кийинки берене: [34-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111354/st-34)
