# 32-берене. Мамлекеттик жарандык кызматчыларды жана муниципалдык кызматчыларды материалдык эмес жүйөлөштүрүү

- Документ: [Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111354)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 30-майындагы № 75 "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 75
- Кабыл алынган күнү: 30.05.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 27 октября 2021 года № 125 "О государственной гражданской службе и муниципальной службе"](https://aqlex.ai/kg/doc/112303)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111354/st-32>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2173/edition/1100195/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111354/st-32.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө, 32-берене (27.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111354/st-32

---

1. Кызматчыларга кошумча дем берүү максатында мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы материалдык эмес жүйөлөштүрүү тутумун колдонот.

2. Материалдык эмес жүйөлөштүрүү тутумун сыйлоонун төмөнкү түрлөрү түзөт:

1) алкыш жарыялоо;

2) ведомстволук сыйлыктар менен сыйлоо;

3) мыйзамдарга ылайык Кыргыз Республикасынын башка сыйлыктары менен сыйлоо;

4) кызматчыны баалоонун натыйжалары боюнча кызмат орундарынын бир тобунун ичинде кезексиз класстык ченди ыйгаруу;

5) эстелик белектерин, төш белгилерин тапшыруу;

6) мурда салынган тартиптик жазаны алып салуу.

3. Мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан сыйлоонун мыйзамдарга каршы келбеген башка түрлөрү белгилениши мүмкүн.

4. Кызматчыны сыйлоо чаралары мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси тарабынан колдонулат.

---

Мурунку берене: [31-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111354/st-31)  
Кийинки берене: [33-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111354/st-33)
