# 31-берене. Мамлекеттик жарандык кызматчыларды жана муниципалдык кызматчыларды материалдык жүйөлөштүрүү

- Документ: [Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111354)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 30-майындагы № 75 "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 75
- Кабыл алынган күнү: 30.05.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 27 октября 2021 года № 125 "О государственной гражданской службе и муниципальной службе"](https://aqlex.ai/kg/doc/112303)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111354/st-31>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2173/edition/1100195/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111354/st-31.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө, 31-берене (27.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111354/st-31

---

1. Кызматчыларды материалдык жүйөлөштүрүү мыйзамдарга ылайык эмгекке акы төлөөнүн бирдиктүү тутумуна негизделет.

2. Эмгек акы төлөө тутуму кызмат орундарынын реестри менен аныкталуучу кызмат орундардан иерархиясына жана кызматчынын ишин баалоого негизделет.

3. Эмгек акы өзүнө кызматтык маянаны жана үстөктөрдү камтыйт.

4. Кызматтык маянанын өлчөмү бирдиктүү минималдуу базалык ставканы колдонуунун жана баалоонун жыйынтыктары боюнча белгиленүүчү коэффициенттин негизинде эсептелет.

5. Кызматчыга класстык чени жана мамлекеттик жана муниципалдык кызматтагы иштеген жылдары үчүн үстөк белгиленет.

6. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар үчүн мыйзамдарда башка үстөктөр белгилениши мүмкүн.

7. Кызматчыга мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ишинин натыйжалары боюнча кызматчынын ишин баалоону эске алуу менен сыйакы төлөнүшү мүмкүн.

8. Иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөктөрдү төлөө үчүн мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын стажы Өкмөт тарабынан аныкталган тартипте эсептелет. Эмгек стажын эсептөөдө мурдагы СССРдин мамлекеттик бюджетинде турган партиялык, советтик, профсоюздук жана комсомолдук органдардын аппараттарындагы, министрликтердеги, ведомстволордогу, ишканалардагы, мекемелердеги жана аткаруу-тескөө иш-милдеттери менен байланышкан уюмдардагы жарандардын иши, СССРдин жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө мөөнөттүү кызмат өтөө, туруктуу негизде депутаттык милдеттерди аткаруу, мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жолдомосу боюнча кайра даярдоодон жана квалификацияны жогорулатуудан өткөн мезгил мамлекеттик жана муниципалдык кызмат катары эсептелет.

9. Убактылуу болбогон кызматчынын милдетин аткаруу боюнча эмгек иши мамлекеттик жана муниципалдык кызмат стажына эсептелет, ал эми класстык чендер жана иштеген жылдар болгондо тиешелүү үстөктөр төлөнөт.

10. Социалдык-тиричилик маселелерин чечүү үчүн кызматчыларга мамлекеттик бюджеттин жана мыйзамдарда тыюу салынбаган башка булактардын каражаттарынан материалдык жардам, анын ичинде турак-жай берүү түрүндө көрсөтүлөт.

11. Кызматчылардын эмгек акысы мыйзамдарда белгиленген тартипте индексациялоого жатат.

Караңыз: КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 6-январындагы № 8 "Иштеген жылдары үчүн кызматтык маянага үстөк акыларды төлөө үчүн мамлекеттик кызматтын жана муниципалдык кызматтын стажын эсептөө тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

---

Мурунку берене: [30-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111354/st-30)  
Кийинки берене: [32-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111354/st-32)
