# 30-берене. Мамлекеттик жарандык кызматчыларды жана муниципалдык кызматчыларды ротациялоо

- Документ: [Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111354)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 30-майындагы № 75 "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 75
- Кабыл алынган күнү: 30.05.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 27 октября 2021 года № 125 "О государственной гражданской службе и муниципальной службе"](https://aqlex.ai/kg/doc/112303)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 12 апреля 2019 года № 48 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственной гражданской службе и муниципальной службе"](https://aqlex.ai/kg/doc/111893)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111354#diff=1100196..1100197>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111354/st-30>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2173/edition/1100195/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111354/st-30.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө, 30-берене (27.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111354/st-30

---

1. Ротациялоо - мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын тутумунда кызматчыларды которуу же жылдыруу.

2. Ротациялоо төмөнкү максаттарда жүргүзүлөт:

1) мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу;

2) кызматчылардын дараметин сарамжалдуу пайдалануу;

3) карьералык жүйөлөштүрүүнү жогорулатуу;

4) кызыкчылыктардын кагылышуусунун алдын алуу жана коррупциянын тобокелдигин төмөндөтүү.

3. Кызыкчылыктардын кагылышуусунун алдын алуу жана коррупциянын тобокелдигин төмөндөтүү максаттарында ротациялоо жүргүзүүнү кошпогондо, ротациялоо кызматчынын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси тарабынан жүргүзүлөт.

4. Коррупция тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмеги тиешелүү мамлекеттик органдын статс-катчысы тарабынан иштелип чыгат жана Кеңеш тарабынан бекитилет.

5. Коррупция тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмеги жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдын жетекчиси тарабынан иштелип чыгат жана жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилет.

6. Ротациялоо тең маанидеги кызмат орундарына же болбосо төмөн турган кызмат орундарына жүргүзүлөт. Төмөн турган кызмат ордуна ротациялоодо кызматчынын эмгек акысы мурдагы кызмат орду боюнча сакталат.

7. Кызматчы анын ден соолугунун абалы боюнча карама-каршы келген кызмат ордуна ротациялоого тыюу салынат.

8. Коррупция тобокелдигин төмөндөтүү максатында жүргүзүлгөн ротациялоо 2 жылда бир жолудан көп эмес жүргүзүлөт.

9. Ротациялоонун түрлөрү:

1) мамлекеттик органдын ичиндеги ротациялоо;

2) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ичиндеги ротациялоо;

3) мамлекеттик органдардын ортосундагы ротациялоо;

4) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосундагы ротациялоо;

5) мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосундагы ротациялоо.

10. Мамлекеттик органдардын ортосундагы, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосундагы ротациялоо тиешелүүлүгүнө жараша мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин биргелешкен (ведомстволор аралык) буйругу боюнча жүзөгө ашырылат.

Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашуу боюнча кызматчыны мамлекеттик кызматтын ушул Мыйзамдын 1-беренесинде көрсөтүлгөн башка түрүнө, мамлекеттик кызматтын тийиштүү түрлөрүнө кирүү жана иштөө тартибин жөнгө салуучу мыйзамдарда белгиленген квалификациялык жана башка талаптарга туура келишин эсепке алуу менен ротациялоого жол берилет.

11. Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ортосундагы ротациялоо мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисинин биргелешкен буйругу боюнча жүзөгө ашырылат.

12. Ротациялоо жөнүндө жобо Өкмөт тарабынан бекитилет.

(КР 2019-жылдын 12-апрелиндеги N 48 Мыйзамынын редакциясына ылайык) Караңыз: Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын ротациялоо тартиби жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-декабрындагы № 706 токтому менен бекитилген)

---

Мурунку берене: [29-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111354/st-29)  
Кийинки берене: [31-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111354/st-31)
