# 3-берене. Ушул Мыйзамдын колдонулуу чөйрөсү

- Документ: [Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111354)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 30-майындагы № 75 "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 75
- Кабыл алынган күнү: 30.05.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 27 октября 2021 года № 125 "О государственной гражданской службе и муниципальной службе"](https://aqlex.ai/kg/doc/112303)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111354/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2173/edition/1100195/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111354/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө, 3-берене (27.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111354/st-3

---

1. Ушул Мыйзамдын колдонулушу мамлекеттик жарандык кызматта жана муниципалдык кызматта административдик кызмат орундарын ээлеген кызматчыларга жайылтылат.

2. Аскердик, укук коргоо жана дипломатиялык кызматтарда административдик кызмат орундарын ээлеген мамлекеттик кызматчылардын иши ушул Мыйзам менен алардын кесипкөй иштери атайын мыйзамдар менен жөнгө салынбаган өлчөмдө жөнгө салынат.

3. Ушул Мыйзамдын колдонулушу төмөнкүлөргө жайылтылбайт:

1) саясий мамлекеттик кызмат орундарын, атайын мамлекеттик кызмат орундарын жана саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдарга;

2) ушул мекемелердин жана уюмдардын жетекчилерин кошуп алганда, аткаруу-тескөө иш-милдеттери менен байланышпаган илимий-изилдөө, чыгармачылык, окутуучулук, дарылоо-ден соолукту чыңдоо жана калкты тейлөө боюнча жана башка иштерди жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган органдарда, мекемелерде, ишканаларда жана уюмдарда эмгектенген кызматчыларга;

3) мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында иштеген техникалык жана тейлөөчү персоналдарга.

4. Саясий кызмат орундарын ээлеген адамдардын иши бул адамдардын статусу жөнүндө өзүнчө мыйзам менен жөнгө салынат.

---

Мурунку берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111354/st-2)  
Кийинки берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111354/st-4)
