# 28-берене. Мамлекеттик жарандык кызматчынын жана муниципалдык кызматчынын кесиптик өнүгүүсү

- Документ: [Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111354)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 30-майындагы № 75 "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 75
- Кабыл алынган күнү: 30.05.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 27 октября 2021 года № 125 "О государственной гражданской службе и муниципальной службе"](https://aqlex.ai/kg/doc/112303)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 12 апреля 2019 года № 48 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственной гражданской службе и муниципальной службе"](https://aqlex.ai/kg/doc/111893)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111354#diff=1100196..1100197>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111354/st-28>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2173/edition/1100195/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111354/st-28.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө, 28-берене (27.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111354/st-28

---

1. Кызматчыны окутуу мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон аны кесиптик өнүгүү максаттарында жүргүзүлөт.

2. Кызматчыларды окутуунун негизги формалары кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу болуп саналат.

3. Кызматчыларды кайра даярдоо төмөнкүдөй жүзөгө ашырылат:

1) кызматка биринчи жолу кирген адамдар үчүн;

2) кызматчылардын жогору турган топтогу кызмат орундарына, анын ичинде адистер категориясынан жетекчилер категориясына өтүүсүндө;

3) кызматчынын кызматтык жана функционалдык милдеттери өзгөрүлгөндө.

4. Кайра даярдоо кызматчынын карьералык жогорулашынын милдеттүү шарты болуп саналат. Кайра даярдоо кызмат ордуна дайындалгандан кийин 3 айдан кечиктирилбеген мөөнөттө мамлекеттик бюджет каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.

5. Кайра даярдоо статс-катчынын кызмат ордун ээлөө үчүн милдеттүү шарт болуп саналат.

6. Квалификациясын жогорулатуу кызмат орундарынын бир тобунун алкактарында 3 жылда бир жолудан кем эмес жүргүзүлөт.

7. Кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу кызматчынын ишин баалоодо эске алынат жана жаңы кызмат ордун ээлөөдө артыкчылыктуу болуп саналат.

8. Кайра даярдоодон жана квалификациясын жогорулатуудан өтүү тиешелүү документ менен бышыкталат.

9. Кызматчы мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисинин чечими менен окууга жөнөтүлөт:

1) кызматчынын демилгеси боюнча;

2) статс-катчынын, аппарат жетекчисинин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жооптуу катчысынын демилгеси боюнча;

3) конкурстук комиссиянын сунуштамасы боюнча;

4) кызматчынын ишин баалоонун натыйжалары боюнча.

10. Кызматчыларды окутуу, мамлекеттик программалар боюнча мамлекеттик тапшырыкты түзүү жана жайгаштыруу маселелери ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан координацияланат.

11. Кызматчыларды окутууга мамлекеттик тапшырыкты Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы ишке ашырат.

12. Мамлекеттик тапшырык мамлекеттик бюджетте ушул максаттарга каралган каражаттардын чектеринде, календардык жылга карата кызматчыларды окутуунун планын билдирет.

13. Мамлекеттик тапшырык кызматчылардын ар кандай категориялары үчүн бардык программаларды, квалификацияны жогорулатуу курстарын, илимий изилдөөлөрдү жана окуу-методикалык иштеп чыгууларды өзүнө камтыйт.

Өкмөттүн чечими боюнча мамлекеттик тапшырыктын алкагында саясий мамлекеттик кызмат орундарын, атайын мамлекеттик кызмат орундарын жана саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган адамдар да окутулушу мүмкүн.

14. Окутуудан өтүүдө кадрлардын резервине киргизилген, кош бойлуулугу жана төрөгөндүгү же баласын багуу боюнча өргүүдө жүргөн кызматчылар артыкчылыктуу укуктарга ээ болушат.

15. Кызматчыларды окутуудан өткөрүү үчүн алардын бюджетинен мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин каржылоо үчүн каралган каражаттардын бир пайызынан кем эмес эсебиндеги финансылык каражаттар бөлүнөт. Окутуу мыйзамдарда тыюу салынбаган башка каражаттардын эсебинен жүргүзүлүшү мүмкүн.

16. Мамлекеттик тапшырыкты ишке ашыруу инфляцияны эске алуу менен окутуунун Өкмөт тарабынан бекитилген нарк ченемдеринин негизинде мамлекеттик бюджеттен финансыланат.

17. Жалпы багыттар боюнча окутууларды өткөрүү үчүн окутууга болгон керектөөлөргө ылайык ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бюджетинен, ошондой эле окутуу тутумун кадрдык, илимий жана окуу-методикалык камсыз кылууну финансылоо үчүн финансылык каражаттар чыгымдардын бюджеттик классификациясында өзүнчө сап менен бөлүнөт.

18. Мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына финансылык каражаттар ведомстволук багыттар боюнча окууларды өткөрүү үчүн окутууга болгон керектөөлөргө ылайык чыгашалардын бюджеттик классификациясында өзүнчө корголгон сап менен бөлүнөт.

19. Эгерде кызматчы өз каалоосу боюнча кызматты токтотсо, 3 айдан ашык мөөнөткө окууга жиберилген кызматчы мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы менен тиешелүү мамлекеттик органда же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органында белгилүү мөөнөттө иштеп берүү жана окутууга байланыштуу чыгашаларды кайтарып берүү боюнча милдеттенмелер жөнүндө келишим түзөт.

20. Кызматчы ушул берененин 19-бөлүгүнүн талаптарын сактабаганы үчүн мыйзамдарга ылайык жоопкерчилик тартат.

21. Кызматчыларды окутуу мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын керектөөлөрүнүн негизинде жүзөгө ашырылат. Окутууга керектөөлөрдү аныктоонун, пландоонун жана божомолдоонун тартиби ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.

22. Окутууларды уюштуруунун жана өткөрүүнүн, окутуу чөйрөсүндө донордук жардамды координациялоонун, мамлекеттик тапшырыктарды түзүүнүн тартиби жана окутуу чөйрөсүндөгү башка маселелер Өкмөт тарабынан аныкталат.

(КР 2019-жылдын 12-апрелиндеги N 48 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [27-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111354/st-27)  
Кийинки берене: [29-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111354/st-29)
