# 27-берене. Мамлекеттик жарандык кызматтагы жана муниципалдык кызматтагы сыноо мөөнөтү

- Документ: [Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111354)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 30-майындагы № 75 "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 75
- Кабыл алынган күнү: 30.05.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 27 октября 2021 года № 125 "О государственной гражданской службе и муниципальной службе"](https://aqlex.ai/kg/doc/112303)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111354/st-27>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2173/edition/1100195/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111354/st-27.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө, 27-берене (27.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111354/st-27

---

1. Биринчи жолу кызматка кирип жаткан кызматчынын кесипкөй сапаттарын текшерүү үчүн мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси ээлеген кызмат орду боюнча эмгек акысын төлөп берүү менен 3 айлык сыноо мөөнөтү менен аны кызмат ордуна дайындайт. Сыноо мөөнөтүнө убактылуу эмгекке жөндөмсүз мезгили жана жүйөлүү себептер боюнча кызматчы жумушта болбогон мезгил кирбейт.

2. Конкурстук комиссиянын сунуштамасы боюнча 3 айлык сыноо мөөнөтү мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси тарабынан мамлекеттик же муниципалдык кызматта эмгек стажы бар адамдар үчүн белгилениши мүмкүн.

3. Сыноо мөөнөтү аяктаганда кызматчыны баалоо жүргүзүлөт, ошонун негизинде анын ээлеген кызмат ордуна ылайыктуулугу жөнүндө чечим кабыл алынат. Эгерде баалоонун натыйжасы канааттандыраарлык эмес деп таанылса, анда кызматчы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын макулдугу менен кызматтан бошотулат.

4. Кызматчыны кийинки баалоо жалпы негиздерде жүргүзүлөт.

5. Сыноо мөөнөтү өтүп жаткан мезгилде кызмат ордун ээлеген кызматчыга ушул Мыйзамдын колдонулушу жайылтылат.

---

Мурунку берене: [26-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111354/st-26)  
Кийинки берене: [28-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111354/st-28)
