# 26-берене. Мамлекеттик жарандык кызматчынын жана муниципалдык кызматчынын өздүк көктөмөсү

- Документ: [Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111354)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 30-майындагы № 75 "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 75
- Кабыл алынган күнү: 30.05.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 27 октября 2021 года № 125 "О государственной гражданской службе и муниципальной службе"](https://aqlex.ai/kg/doc/112303)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111354/st-26>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2173/edition/1100195/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111354/st-26.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө, 26-берене (27.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111354/st-26

---

1. Кызматчынын мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен эмгектик мамилелерине тиешелүү бардык маалыматтар, материалдар жана документтер кызматчынын өздүк көктөмөсүндө камтылат. Өздүк көктөмө мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын персоналды башкаруу кызматы тарабынан жүргүзүлөт.

2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органында өздүк көктөмө тиешелүү түзүмдүк бөлүм же болбосо персоналды башкаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу адам тарабынан жүргүзүлүшү мүмкүн.

3. Кызматчы башка мамлекеттик органга же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына жумушка которулганда анын өздүк көктөмөсү көрсөтүлгөн жаңы жумуш орду боюнча берилет, Бир кызматчыга бир нече өздүк көктөмө жүргүзүүгө жол берилбейт.

4. Кызматчылардын саясий жана диний көз караштары жөнүндө, алардын жеке турмушу тууралуу маалыматтарды, материалдарды жана документтерди жыйноого жана өздүк көктөмөсүнө киргизүүгө тыюу салынат.

5. Өздүк көктөмөлөрдү жүргүзүүнүн жана сактоонун тартиби, өздүк көктөмөгө киргизилүүгө жаткан маалыматтардын, материалдардын жана документтердин тизмеги, ошондой эле аларга жеткиликтүүлүк тартиби, кызмат өтөөнү эсепке алуу маселелери ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан иштелип чыгат жана Өкмөт тарабынан бекитилет.

6. Кызматчынын өздүк көктөмөсүндө камтылган маалыматтарды, материалдарды жана документтерди ачыкка чыгарууга тыюу салынат. Кызматчы өздүк көктөмөсүндө камтылган маалыматтар, материалдар жана документтер менен таанышууга укуктуу.

Караңыз: Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчысынын жана муниципалдык кызматчысынын өздүк ишин жүргүзүүнүн тартиби (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-декабрындагы № 706 токтому менен бекитилген)

---

Мурунку берене: [25-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111354/st-25)  
Кийинки берене: [27-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111354/st-27)
