# 25-берене. Мамлекеттик жарандык кызматчынын жана муниципалдык кызматчынын анты

- Документ: [Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111354)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 30-майындагы № 75 "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 75
- Кабыл алынган күнү: 30.05.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 27 октября 2021 года № 125 "О государственной гражданской службе и муниципальной службе"](https://aqlex.ai/kg/doc/112303)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111354/st-25>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2173/edition/1100195/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111354/st-25.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө, 25-берене (27.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111354/st-25

---

Биринчи жолу кызмат ордуна киришип жатып, кызматчы жазуу жүзүндө төмөнкүдөй ант берет: "Мен, .................. Кыргыз Республикасынын жараны, .............................. кызмат ордуна киришип жатып жана Кыргызстандын элинин алдында өзүмдүн жогорку жоопкерчилигимди түшүнүү менен Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын ыйык сактоого, өз ишимде мыйзамдуулук жана адилеттүүлүк принциптерин орундоого, өз милдеттеримди ак ниет жана берилгендик менен аткарууга жана Кыргызстандын элине бүткүл билимиме жана берилгендигиме ылайык кызмат кылууга, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчынын Этика кодексинин ченемдерин сактоого салтанаттуу ант беремин. Берген антымды бузганым үчүн белгиленген жоопкерчиликти тартууга даярмын.". Ант берүүчү анттын текстине кол коёт жана аны кабыл алган датаны көрсөтөт. Анттын тексти мамлекеттик кызматчынын өздүк көктөмөсүндө сакталат.

---

Мурунку берене: [24-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111354/st-24)  
Кийинки берене: [26-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111354/st-26)
