# 24-берене. Өзгөчө тартипте (конкурстан тышкары) мамлекеттик жарандык кызматка жана муниципалдык кызматка кирүүнүн тартиби

- Документ: [Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111354)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 30-майындагы № 75 "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 75
- Кабыл алынган күнү: 30.05.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 27 октября 2021 года № 125 "О государственной гражданской службе и муниципальной службе"](https://aqlex.ai/kg/doc/112303)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 30 июля 2019 года № 109 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственной гражданской службе и муниципальной службе"](https://aqlex.ai/kg/doc/111950)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 30.07.2019 [Закон КР от 30 июля 2019 года № 109 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственной гражданской службе и муниципальной службе"](https://aqlex.ai/kg/doc/111950); 12.04.2019 [Закон КР от 12 апреля 2019 года № 48 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственной гражданской службе и муниципальной службе"](https://aqlex.ai/kg/doc/111893)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111354#diff=1100197..1100198>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111354/st-24>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2173/edition/1100195/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111354/st-24.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө, 24-берене (27.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111354/st-24

---

1. Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын айрым административдик кызмат орундарына кирүүнүн өзгөчө (конкурстан тышкары) тартиби белгиленет.

2. Президент төмөнкү кызмат орундарына дайындоону жүзөгө ашырат:

1) Президенттин Аппарат Жетекчисинин орун басарларын;

2) Президенттин консультанттарын, кеңешчилерин жана жардамчыларын;

3) Президенттин Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилерин;

4) тиешелүү мамлекеттик органдардагы жана эл аралык уюмдардагы Президенттин атайын, туруктуу жана ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн;

5) Конституция жана башка ченемдик укуктук актылар менен анын номенклатурасына киргизилген мамлекеттик органдардын жетекчилеринин орун басарларын;

6) Президенттин жана Өкмөттүн ишин материалдык-техникалык жана башка камсыз кылуу иш-милдеттери кирген мамлекеттик органдын жетекчисинин орун басарларын.

3. Жогорку Кеңештин Төрагасы төмөнкү кызмат орундарына дайындоону жүзөгө ашырат:

1) Жогорку Кеңештин Аппарат Жетекчисинин орун басарларын;

2) Жогорку Кеңештин Төрагасынын консультанттарын, кеңешчилерин жана жардамчыларын;

3) Жогорку Кеңештин Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилерин, жетекчилеринин орун басарларын;

4) компетенциясына Жогорку Кеңештин ишин камсыз кылуу кирген, кызмат орду Жогорку Кеңештин Төрагасынын номенклатурасына кирген мамлекеттик органдын кызматчыларын.

4. Премьер-министр төмөнкү кызмат орундарына дайындоону жүзөгө ашырат;

1) Өкмөттүн Аппараттын жетекчисинин орун басарларын;

2) Премьер-министрдин жана вице-премьер-министрлердин консультанттарын, кеңешчилерин жана жардамчыларын;

3) Өкмөттүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилерин, жетекчилеринин орун басарларын;

4) тиешелүү мамлекеттик органдардагы жана эл аралык уюмдардагы Өкмөттүн атайын, туруктуу жана ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн;

5) "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы жана башка ченемдик укуктук актылар менен анын компетенциясына таандык кылынган мамлекеттик органдардын жетекчилеринин орун басарларын, мамлекеттик органдардын ведомстволук караштуулуктагы бөлүмдөрүнүн жетекчилерин.

5. Жогорку соттун төрагасы атайын Мыйзамда белгиленген тартипте төмөнкү кызмат орундарына дайындоону жүзөгө ашырат:

1) Жогорку соттун Аппарат жетекчисин;

2) Жогорку сотко караштуу жергиликтүү соттордун ишин камсыз кылуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисин;

3) Жогорку сотко караштуу судьялардын билим берүү борборунун жетекчисин;

4) башкы сот приставын.

6. Жогорку соттун Конституциялык палатасынын төрагасы атайын мыйзамда белгиленген тартипте Жогорку соттун Конституциялык палатасынын Аппаратынын жетекчисинин кызмат ордуна дайындоону жүзөгө ашырат.

7. Президенттин, Жогорку Кеңештин жана Өкмөттүн Аппараттарынын жетекчилери тиешелүү аппараттарда ушул берененин 2-4-бөлүктөрүндө белгиленбеген кызматчыларды кызматка дайындоону жүзөгө ашырышат.

8. Президенттин, Жогорку Кеңештин жана Өкмөттүн ишин материалдык-техникалык жана башка камсыз кылуу иш-милдеттерине кирген мамлекеттик органдардын жетекчилери тиешелүү мамлекеттик органдарда ушул берененин 2 жана 3-бөлүктөрүндө көрсөтүлбөгөн кызматчыларды кызмат ордуна дайындоону жүзөгө ашырышат.

9. Мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери адамдарды патронаттык кызмат орундарына дайындоону жүзөгө ашырышат.

10. Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери ушул шаарлардын статусу жөнүндө мыйзамдарга ылайык вице-мэрлердин жана мэриялардын райондук администрацияларынын жетекчилеринин кызмат ордуна дайындоону жүзөгө ашырышат.

11. Шаарлардын мэрлери мыйзамдарга ылайык вице-мэрлерди кызмат ордуна дайындоону жүзөгө ашырышат.

12. Айыл өкмөтүнүн башчысы айыл тургундарынын жыйынынын макулдугу менен айыл башчысын дайындоону жүзөгө ашырат.

13. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары боюнча дайындоо өзгөчө тартипте жүзөгө ашырылуучу айрым административдик кызмат орундарынын тизмеги кызмат орундарынын реестринде көрсөтүлөт.

13-1. Ушул беренеде белгиленген кызмат орундарына дайындоодо Кадрлардын улуттук резерви пайдаланылышы мүмкүн.

14. Мамлекеттик жарандык кызматтын айрым административдик кызмат орундарына өзгөчө тартипте (конкурстан тышкары) кирүү эрежелери тиешелүүлүгүнө жараша Президент, Жогорку Кеңеш, Өкмөт жана Жогорку сот тарабынан белгиленет.

15. Муниципалдык кызматтын айрым административдик кызмат орундарына өзгөчө тартипте (конкурстан тышкары) кирүүнүн типтүү эрежелери Өкмөт тарабынан белгиленет.

(КР 2019-жылдын 12-апрелиндеги N 48, 2019-жылдын 30-июлундагы N 109 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111354/st-23)  
Кийинки берене: [25-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111354/st-25)
