# 23-берене. Мамлекеттик жарандык кызматка жана муниципалдык кызматка кирүүнүн тартиби

- Документ: [Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111354)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 30-майындагы № 75 "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 75
- Кабыл алынган күнү: 30.05.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 27 октября 2021 года № 125 "О государственной гражданской службе и муниципальной службе"](https://aqlex.ai/kg/doc/112303)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 12 апреля 2019 года № 48 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственной гражданской службе и муниципальной службе"](https://aqlex.ai/kg/doc/111893)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111354#diff=1100196..1100197>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111354/st-23>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2173/edition/1100195/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111354/st-23.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө, 23-берене (27.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111354/st-23

---

1. Мамлекеттик жарандык кызматка жана муниципалдык кызматка кирүү конкурстук негизде жүзөгө ашырылат.

2. Бош кызмат ордун ээлөөгө конкурс төмөнкү тартипте жүргүзүлөт:

1) ички жана улуттук кадрлар резервинде турган адамдардын ортосундагы конкурс;

2) ачык конкурс.

3. Бош кызмат орду пайда болгон учурда статс-катчы (аппарат жетекчи, жооптуу катчы, персоналды башкаруу кызматы) бул тууралуу 3 жумушчу күндүн ичинде жазуу жүзүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кабарлайт.

4. Бош кызмат ордун ээлөөгө конкурс мамлекеттик жарандык кызматка жана муниципалдык кызматка Кыргыз Республикасынын жарандарынын тең катышуусун камсыз кылууга тийиш.

5. Конкурс биринчи кезекте ички жана улуттук кадрлар резервинде турган адамдардын арасында өткөрүлөт. Эгерде конкурс болбой калса же болбосо конкурстан өткөн адам кызмат ордуна дайындалбаса, анда ачык конкурс жарыяланат. Ачык конкурс өткөрүлгөндө башка негиздер боюнча бош кызмат ордуна дайындоого жол берилбейт.

6. Ачык конкурс бош кызмат орду болгондо, конкурс өткөрүү жөнүндө маалыматты гезитке жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын веб-сайтында же болбосо башка расмий жалпыга маалымдоо каражаттарына, ошондой эле мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын веб-сайтында жайгаштыруу жолу менен жарыяланат.

7. Бош кызмат ордун ээлөөгө ачык конкурс өткөрүү жөнүндө маалымат төмөнкү маалыматтарды камтууга тийиш:

1) мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын аталышын жана юридикалык дарегин;

2) бош кызмат орундун аталышын;

3) бош кызмат ордуна карата коюлуучу квалификациялык талаптарды;

4) ушул кызмат ордунун функционалдык милдеттерин;

5) конкурска катышуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмегин;

6) документтерди кабыл алуу убактысын жана ордун.

8. Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды берген адамдардын ачык конкурска катышуусуна жол берилбейт.

9. Конкурстарды өткөрүүдө конкурстук комиссия тарабынан аңгемелешүүнүн көрмө жазуулары жана укма жазуулары жүргүзүлөт.

Конкурстарды алыскы райондордо өткөрүүдө аңгемелешүүнүн укма жазуусун гана жүргүзүүгө жол берилет.

10. Конкурстун катышуучусунун жазуу жүзүндөгү арызы боюнча 3 күндүн ичинде ага аңгемелешүүнүн көрмө жазууларынын же укма жазууларынын ага тиешелүү бөлүгүнүн көчүрмөсү берилет же ал катышкан аңгемелешүүнүн толук көрмө жазуусу же укма жазуусу көрсөтүлөт.

11. Аңгемелешүүнүн көрмө жазуусу жана укма жазуусу 3 жыл сакталууга тийиш.

12. Ачык конкурстун натыйжалары катышуучуларга түздөн-түз ал бүткөндөн кийин маалымдалат.

13. Статс-катчы (аппарат жетекчи, жооптуу катчы) 3 жумушчу күндөн кечиктирбестен, мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисине бош кызмат ордуна конкурстан ийгиликтүү өткөн адамды дайындоо жөнүндө сунуштама киргизүүгө жана мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын веб-сайтына маалымат жайгаштырууга милдеттүү. Мамлекеттик органдардын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аймактык бөлүмдөрүндө конкурс өткөрүүдө сунуштама киргизүү жана веб-сайтка маалымат жайгаштыруу мөөнөтү 7 жумушчу күндү түзөт.

14. Мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси сунуштаманы алгандан кийин 3 жумушчу күндүн ичинде конкурстан өткөн адамды кызмат ордуна дайындоо тууралуу буйрук чыгарат.

15. Мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси конкурстук тандоонун жол-жоболорун бузуу фактысы белгиленген учурда гана сунуштамаланган талапкерди четке кага алат.

16. Бош кызмат ордун ушул Мыйзамда аныкталган тартипте ротациялоо тартибинде ээлөөгө жол берилет.

17. Бош кызмат орду пайда болгондо мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси квалификациялык талаптарга ылайык келген шартта, баалоонун жыйынтыгы боюнча кызматчыны кийинки жогору турган кызмат ордуна дайындоого укуктуу.

18. Конкурсту өткөрүүнүн тартиби жана кызматтык жогорулоо жол-жоболору Кеңеш тарабынан иштелип чыгат жана Өкмөт тарабынан бекитилет.

(КР 2019-жылдын 12-апрелиндеги N 48 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [22-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111354/st-22)  
Кийинки берене: [24-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111354/st-24)
