# 21-берене. Мамлекеттик жарандык кызматчынын жана муниципалдык кызматчынын милдеттери

- Документ: [Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111354)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 30-майындагы № 75 "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 75
- Кабыл алынган күнү: 30.05.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 27 октября 2021 года № 125 "О государственной гражданской службе и муниципальной службе"](https://aqlex.ai/kg/doc/112303)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111354/st-21>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2173/edition/1100195/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111354/st-21.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө, 21-берене (27.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111354/st-21

---

1. Кызматчы төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) Конституцияны жана башка ченемдик укуктук актыларды жетекчиликке алуу менен кызматтык милдеттерин жана кызматтык ыйгарым укуктарын, тиешелүү мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарынын чектеринде чыгарылган чечимдерин ак ниеттик менен аткарууга;

2) мамлекеттик жарандык кызматчынын жана муниципалдык кызматчынын Этика кодексин (мындан ары - Этика кодекси) сактоого;

3) эмгек тартибин сактоого;

4) жеке жана юридикалык жактардын укуктарынын, эркиндиктеринин жана кызыкчылыктарынын бузулушуна жол бербөөгө;

5) жеке жана юридикалык жактардын кайрылууларын кароого, алар боюнча мыйзамдарга ылайык өз учурунда жана объективдүү чечимдерди кабыл алууга;

6) жетекчиликке жана тиешелүү мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өзүнө белгилүү болгон мыйзам бузуу фактылары жөнүндө токтоосуз маалымдоого;

7) өзүнүн кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн кесипкөй квалификациянын зарыл болгон деңгээлине ээ болууга;

8) өз ишинде электрондук башкаруунун жаңы заманбап технологияларын, методдорун жана аспаптарын колдонууга;

9) мамлекеттик, кызматтык жана башка мыйзам менен корголгон сырларды, анын ичинде кызмат өтөөнү токтоткондон кийин да мыйзамда белгиленген тартиптеги мезгил ичинде сактоого;

10) кызматтык милдеттерин аткарууда алынган жарандардын жеке турмушуна, ар-намысына жана кадыр-баркына тиешелүү маалыматтарды жашыруун сактоого жана мыйзамдарда каралган учурларды кошпогондо, алардан мындай маалыматтарды берүүнү талап кылбоого;

11) мүлктү жана менчикти сарамжал күтүүнү жана сактоону камсыз кылууга;

12) өзүнө кызматты өтөөгө байланышкан ушул Мыйзамда белгиленген чектөөлөрдү кабыл алууга;

13) декларациялоо жөнүндө мыйзамдарга ылайык маалыматтарды берүүгө.

2. Мыйзамдарга ылайык кызматчынын башка милдеттери болушу мүмкүн.

3. Жетекчинин мыйзамга каршы келген тапшырмасын алган учурда кызматчы мыйзамдын жоболорун жетекчиликке алууга милдеттүү.

---

Мурунку берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111354/st-20)  
Кийинки берене: [22-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111354/st-22)
