# 19-берене. Мамлекеттик жарандык кызматчыларга жана муниципалдык кызматчыларга карата коюлуучу талаптар

- Документ: [Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111354)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 30-майындагы № 75 "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 75
- Кабыл алынган күнү: 30.05.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 27 октября 2021 года № 125 "О государственной гражданской службе и муниципальной службе"](https://aqlex.ai/kg/doc/112303)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 30 июля 2019 года № 109 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственной гражданской службе и муниципальной службе"](https://aqlex.ai/kg/doc/111950)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 30.07.2019 [Закон КР от 30 июля 2019 года № 109 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственной гражданской службе и муниципальной службе"](https://aqlex.ai/kg/doc/111950); 28.07.2017 [Закон КР от 28 июля 2017 года № 162 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в связи с реформированием системы правоохранительных органов в целях обеспечения эффективной борьбы с коррупцией и преступлениями в сфере экономики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111669)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111354#diff=1100197..1100198>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111354/st-19>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2173/edition/1100195/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111354/st-19.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө, 19-берене (27.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111354/st-19

---

1. Кызматчы төмөнкү талаптарга ылайык келүүгө тийиш:

1) Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналууга;

2) мамлекеттик жарандык кызмат үчүн - 21 жаштан жаш болбоого;

3) муниципалдык кызмат үчүн - 18 жаштан жаш болбоого;

4) ушул кызмат орду үчүн мыйзамдарда жана кызматка алууну жүзөгө ашырып жаткан тиешелүү мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келүүгө.

Ички иштер, экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча органдарга, жазык-аткаруу тутумуна, бажы кызматына, сот приставдарына мамлекеттик кызматка эркек жынысындагы төмөнкүлөрдөн өтпөгөн жарандарга жол берилбейт:

- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана башка аскердик түзүлүштөрүнүн катарында аскердик кызматтан, же

- запастагы офицерлер программасы боюнча аскердик даярдыктан; же

- үй-бүлөлүк абалынан келип чыккан негиздер боюнча альтернативдүү (аскерден тышкаркы) кызматтан.

Прокуратура органдарына эркек жынысындагы төмөнкүлөрдөн өтпөгөн жарандарга мамлекеттик кызматка жол берилбейт:

- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана башка аскердик түзүлүштөрүнүн катарында аскердик кызматтан; же

- запастагы офицерлер программасы боюнча аскердик даярдыктан; же

- үй-бүлөлүк абалынан жана ден соолугунун абалынан келип чыккан негиздер боюнча альтернативдүү (аскерден тышкаркы) кызматтан.

2. Төмөнкү адам кызматчы боло албайт:

1) соттун чечими менен аракетке жөндөмсүз деп таанылган же болбосо ага соттун айыптоочу өкүмү менен кызматчы катары ишти жүзөгө ашырууга же мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда белгилүү бир кызмат орундарын ээлөөгө тыюу салынган;

2) мыйзамда белгиленген тартипте алынбаган же жоюлбаган соттолгондугу бар.

(КР 2017-жылдын 28-июлундагы № 162, 2019-жылдын 30-июлундагы N 109 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111354/st-18)  
Кийинки берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111354/st-20)
