# 17-берене. Карьералык пландоо

- Документ: [Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111354)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 30-майындагы № 75 "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 75
- Кабыл алынган күнү: 30.05.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 27 октября 2021 года № 125 "О государственной гражданской службе и муниципальной службе"](https://aqlex.ai/kg/doc/112303)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111354/st-17>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2173/edition/1100195/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111354/st-17.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө, 17-берене (27.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111354/st-17

---

1. Мамлекеттик орган жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы кызматчылардын карьералык өсүүсүнө багытталган чаралардын комплексин иштеп чыгат.

2. Мамлекеттик органдарда кызматчылардын карьералык пландоосунун процессин статс-катчы, ал эми жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы кызматчылардын тиешелүүлүгүнө жараша жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын аппарат жетекчиси же жооптуу катчысы камсыз кылат.

3. Карьералык пландоону уюштуруу мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматтын кадрлар резервинин иштөөсү, конкурстук тандоо, ротациялоо тутумунун жол-жоболорун сактоо, кызматчынын дараметин жогорулатуу, кызматчынын ишин баалоо, кызматчыларды материалдык жана материалдык эмес жүйөлөштүрүү менен камсыз кылынат.

---

Мурунку берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111354/st-16)  
Кийинки берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111354/st-18)
