# 16-берене. Класстык чендерди ыйгаруунун, андан ажыратуунун жана төмөндөтүүнүн тартиби

- Документ: [Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111354)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 30-майындагы № 75 "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 75
- Кабыл алынган күнү: 30.05.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 27 октября 2021 года № 125 "О государственной гражданской службе и муниципальной службе"](https://aqlex.ai/kg/doc/112303)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 12 апреля 2019 года № 48 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственной гражданской службе и муниципальной службе"](https://aqlex.ai/kg/doc/111893)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111354#diff=1100196..1100197>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111354/st-16>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2173/edition/1100195/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111354/st-16.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө, 16-берене (27.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111354/st-16

---

1. Мамлекеттик жарандык кызматтын кенже инспекторунун, муниципалдык кызматтын кенже инспекторунун класстык чени кенже кызмат орундарын ээлеген кызматчыларга ыйгарылат.

2. Мамлекеттик жарандык кызматтын 1, 2 жана 3-класстагы инспекторунун, муниципалдык кызматтын 1, 2 жана 3-класстагы инспекторунун класстык чени улук кызмат орундарын ээлеген кызматчыларга ыйгарылат.

3. Мамлекеттик жарандык кызматтын 1, 2 жана 3-класстагы кеңешчисинин, муниципалдык кызматтын 1, 2 жана 3-класстагы кеңешчисинин класстык чени башкы кызмат орундарын ээлеген кызматчыларга ыйгарылат.

4. Мамлекеттик жарандык кызматтын 1, 2 жана 3-класстагы мамлекеттик кеңешчисинин, муниципалдык кызматтын 1, 2 жана 3-класстагы муниципалдык кеңешчисинин класстык чени жогорку кызмат орундарын ээлеген кызматчыларга ыйгарылат.

5. Мамлекеттик жарандык кызматтын кенже инспекторуна, мамлекеттик жарандык кызматтын 1, 2 жана 3-класстагы инспекторуна, мамлекеттик жарандык кызматтын 1, 2 жана 3-класстагы кеңешчисине класстык чендерди ыйгаруу, андан ажыратуу, төмөндөтүү статс-катчынын сунушу боюнча мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан жүргүзүлөт.

6. Муниципалдык кызматтын кенже инспекторуна, муниципалдык кызматтын 1, 2 жана 3-класстагы инспекторуна класстык чендерди ыйгаруу, андан ажыратуу, төмөндөтүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси тарабынан жүргүзүлөт.

7. Муниципалдык кызматтын 1, 2 жана 3-класстагы кеңешчисине класстык чендерди ыйгаруу, андан ажыратуу, төмөндөтүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисинин сунушу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан жүргүзүлөт.

8. Мамлекеттик жарандык кызматтын 1, 2- жана 3-класстагы мамлекеттик кеңешчисинин класстык ченин ыйгаруу, андан ажыратуу, төмөндөтүү тиешелүү мамлекеттик органдын жетекчисинин сунушу боюнча Президент тарабынан жүргүзүлөт.

9. Муниципалдык кызматтын 1, 2- жана 3-класстагы муниципалдык кеңешчисинин ченин ыйгаруу, андан ажыратуу, төмөндөтүү тиешелүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисин сунушу боюнча Президент тарабынан жүргүзүлөт.

10. Ыйгарылган класстык чен кызматтык ырастамада көрсөтүлөт.

11. Мамлекеттик кызмат ордуна дайындалгандан кийин муниципалдык кызматчыларга ыйгарылуучу класстык чени бар кызматчыга мурдагы кызмат орду боюнча муниципалдык кызматтын тийиштүү класстык ченине ылайык келген мамлекеттик жарандык кызматтын класстык чени баа берүү жүргүзүлбөстөн ыйгарылат.

Муниципалдык кызмат ордуна дайындалгандан кийин мамлекеттик жарандык кызматчыларга ыйгарылуучу класстык чени бар кызматчыга мурдагы кызмат орду боюнча мамлекеттик кызматтын класстык ченине ылайык келген муниципалдык кызматтын класстык чени баа берүү жүргүзүлбөстөн ыйгарылат.

12. Президент, Жогорку Кеңештин Төрагасы, Премьер-министр, Жогорку соттун төрагасы жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын (мындан ары - Жогорку соттун Конституциялык палатасы) төрагасы тарабынан өзгөчө тартипте дайындалган адамдарга класстык чендер жана атайын класстык чендер баа берүү жүргүзүлбөстөн ыйгарылат.

13. Аскердик же атайын наамдары, атайын класстык чендери, дипломатиялык рангдары бар кызматчыларга бул аскердик же атайын наамга, атайын класстык ченге, дипломатиялык рангга ылайык келген класстык чен баа берүү жүргүзүлбөстөн ыйгарылат.

14. Административдик кызматчыларга класстык чиндерди ыйгаруу, төмөндөтүү жана андан ажыратуу тартиби Президент тарабынан аныкталат.

(КР 2019-жылдын 12-апрелиндеги N 48 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111354/st-15)  
Кийинки берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111354/st-17)
