# 15-берене. Класстык чендер

- Документ: [Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111354)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 30-майындагы № 75 "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 75
- Кабыл алынган күнү: 30.05.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 27 октября 2021 года № 125 "О государственной гражданской службе и муниципальной службе"](https://aqlex.ai/kg/doc/112303)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111354/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2173/edition/1100195/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111354/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө, 15-берене (27.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111354/st-15

---

1. Класстык чен - бул административдик кызмат ордун ээлеген кызматчылардын ар бирине өзүнчө ыйгарылуучу атайын наам.

2. Класстык чендер административдик кызмат орундарынын топторуна жана категорияларына ылайык келет.

3. Класстык чендер, ушул Мыйзамдын 16-беренесинин 11-13-бөлүктөрүндө каралган учурларды кошпогондо, ишти баалоонун натыйжалары боюнча ыйгарылат.

4. Мамлекеттик жарандык кызматчыларга төмөнкү класстык чендер ыйгарылышы мүмкүн:

1) мамлекеттик жарандык кызматтан кенже инспектору;

2) мамлекеттик жарандык кызматтын 1, 2 жана 3-класстагы инспектору;

3) мамлекеттик жарандык кызматтын 1, 2 жана 3-класстагы кеңешчиси;

4) мамлекеттик жарандык кызматтын 1, 2 жана 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси.

5. Муниципалдык кызматчыларга төмөнкү класстык чендер ыйгарылышы мүмкүн:

1) муниципалдык кызматтын кенже инспектору;

2) муниципалдык кызматтын 1, 2 жана 3-класстагы инспектору;

3) муниципалдык кызматтын 1, 2 жана 3-класстагы кеңешчиси;

4) муниципалдык кызматтын 1, 2 жана 3-класстагы муниципалдык кеңешчиси.

---

Мурунку берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111354/st-14)  
Кийинки берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111354/st-16)
