12-берене. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестри
Күчүн жоготкон · 27.10.2021 редакциясы · 3-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 27 октября 2021 года № 125.
1. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестри (мындан ары - кызмат орундарынын реестри) төмөнкүлөрдөн турат:
1) топторго, мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына бөлүнбөгөн кызмат орундарынын аталыштарын камтыган саясий, атайын кызмат орундарынын реестринен;
2) топтор жана категориялар, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары боюнча бөлүнгөн кызмат орундарынын аталыштарын камтыган административдик кызмат орундарынын реестринен;
3) топтор, категориялар жана мамлекеттик органдар боюнча бөлүнгөн кызмат орундарынын аталыштары камтылган куралдуу күчтөрдүн жана укук коргоо органдарынын административдик кызмат орундарынын реестринен.
2. Кызмат орундарынын реестри Президент тарабынан бекитилет.
Караңыз: КР Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы ПЖ № 17 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгы
Берененин тексти 27.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
12-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111354/st-12" title="12-берене - Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>