# 10-берене. Мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын персоналын башкаруу кызматы

- Документ: [Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111354)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 30-майындагы № 75 "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 75
- Кабыл алынган күнү: 30.05.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 27 октября 2021 года № 125 "О государственной гражданской службе и муниципальной службе"](https://aqlex.ai/kg/doc/112303)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111354/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2173/edition/1100195/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111354/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө, 10-берене (27.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111354/st-10

---

1. Мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын персоналын башкаруу кызматы (мындан ары - персоналды башкаруу кызматы) мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кадрдык дараметин калыптандыруу, өнүктүрүү жана кесипкөйлүгүн өркүндөтүү максатында түзүлөт.

2. Персоналды башкаруу кызматы мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын түзүмдүк бөлүмү болуп саналат.

3. Персоналды башкаруу кызматы:

1) карьералык пландоо боюнча ишти жүзөгө ашырат;

2) кадрлардын резервин түзөт жана аны жүргүзөт;

3) кадрларды тандоону жана эсепке алууну уюштурат, кадр маселелери боюнча иш кагаздарын жүргүзөт;

4) эмгек тартибин камсыз кылуу, баалоо жана конкурстарды өткөрүү менен байланышкан иштерди уюштурат;

5) мамлекеттик жарандын кызматты жана муниципалдык кызматты өтөөгө байланышкан чектөөлөрдү сактоону камсыз кылат;

6) кызматчылар тарабынан декларацияларда көрсөтүлгөн маалыматтарга алгачкы баалоо жүргүзүүнү (верификация, валидация) камсыз кылат;

7) кадрларды окутуу, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу боюнча ишти уюштурат;

8) кызматчылардын ишинин натыйжалуулугун баалоо боюнча ишти уюштурат;

9) кызматчыларды жүйөлөштүрүү тутумун иштеп чыгуу боюнча сунуштарды киргизет;

10) кызматчыларды ротациялоо схемасын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ишти жүзөгө ашырат;

11) кызыкчылыктардын кагылышуусун алдын алуу, аныктоо жана чечүү боюнча чараларды жүзөгө ашырат;

12) тейлеген иш чөйрөсүн жөндөөчү ченемдик укуктук актылардын, типтүү келишимдердин жана башка документтердин долбоорлорун иштеп чыгат.

4. Персоналды башкаруу кызматы жөнүндө типтүү жобо ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.

5. Персоналды башкаруу кызматынын аталышы, түзүмү жана штаттык саны мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси тарабынан аныкталат.

---

Мурунку берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111354/st-9)  
Кийинки берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111354/st-11)
