10-берене. Мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын персоналын башкаруу кызматы
Күчүн жоготкон · 27.10.2021 редакциясы · 2-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 27 октября 2021 года № 125.
1. Мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын персоналын башкаруу кызматы (мындан ары - персоналды башкаруу кызматы) мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кадрдык дараметин калыптандыруу, өнүктүрүү жана кесипкөйлүгүн өркүндөтүү максатында түзүлөт.
2. Персоналды башкаруу кызматы мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын түзүмдүк бөлүмү болуп саналат.
3. Персоналды башкаруу кызматы:
1) карьералык пландоо боюнча ишти жүзөгө ашырат;
2) кадрлардын резервин түзөт жана аны жүргүзөт;
3) кадрларды тандоону жана эсепке алууну уюштурат, кадр маселелери боюнча иш кагаздарын жүргүзөт;
4) эмгек тартибин камсыз кылуу, баалоо жана конкурстарды өткөрүү менен байланышкан иштерди уюштурат;
5) мамлекеттик жарандын кызматты жана муниципалдык кызматты өтөөгө байланышкан чектөөлөрдү сактоону камсыз кылат;
6) кызматчылар тарабынан декларацияларда көрсөтүлгөн маалыматтарга алгачкы баалоо жүргүзүүнү (верификация, валидация) камсыз кылат;
7) кадрларды окутуу, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу боюнча ишти уюштурат;
8) кызматчылардын ишинин натыйжалуулугун баалоо боюнча ишти уюштурат;
9) кызматчыларды жүйөлөштүрүү тутумун иштеп чыгуу боюнча сунуштарды киргизет;
10) кызматчыларды ротациялоо схемасын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ишти жүзөгө ашырат;
11) кызыкчылыктардын кагылышуусун алдын алуу, аныктоо жана чечүү боюнча чараларды жүзөгө ашырат;
12) тейлеген иш чөйрөсүн жөндөөчү ченемдик укуктук актылардын, типтүү келишимдердин жана башка документтердин долбоорлорун иштеп чыгат.
4. Персоналды башкаруу кызматы жөнүндө типтүү жобо ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.
5. Персоналды башкаруу кызматынын аталышы, түзүмү жана штаттык саны мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси тарабынан аныкталат.
Берененин тексти 27.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
10-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- Кайыңды шаардык кеңешинин 2016-жылдын 26-августундагы № 123/XXXVI - 2 "Кайынды шаардык мэриясынын персоналдарды башкаруу кызматынын тутумун бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 26.08.2016 · № 123/XXXVI - 2
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111354/st-10" title="10-берене - Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>