# 1-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы риэлтордук иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/111348)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 20-майындагы № 69 "Кыргыз Республикасындагы риэлтордук иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 69
- Кабыл алынган күнү: 20.05.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.03.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 23 марта 2023 года № 64 "О риелторской деятельности в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/112569)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111348/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2167/edition/718095/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111348/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы риэлтордук иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу, 1-берене (23.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111348/st-1

---

"Кыргыз Республикасындагы риэлтордук иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 12, 555-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 1-статьянын 2-бөлүгүнүн үчүнчү абзацында "Кыргыз Республикасынын "Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө Мыйзамына" деген сөздөр "банкроттук жөнүндө мыйзамдарга" деген сөздөргө алмаштырылсын;

2) 2-статьянын бешинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;

3) 3 жана 4-статьялар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3-статья. Риэлтордук ишти жөнгө салуучу мыйзамдар Кыргыз Республикасынын риэлтордук ишти жөнгө салуучу мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясынан, ушул Мыйзамдан жана риэлтордук ишти регламенттөөчү башка ченемдик укуктук актылардан, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерден турат.

---

Кийинки берене: [4-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/111348/st-4)
