# 1-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө", "Акционердик коомдор жөнүндө", "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/111347)
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 20-майындагы № 68 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө", "Акционердик коомдор жөнүндө", "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу"
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 68
- Кабыл алынган күнү: 20.05.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.05.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111347/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2166/edition/717493/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111347/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.05.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө", "Акционердик коомдор жөнүндө", "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу, 1-берене (20.05.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111347/st-1

---

"Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 6, 80-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 39-статьяда: 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын: "Облигацияларды чыгаруу үчүн коом төмөнкүдөй талаптарга ылайык келүүгө тийиш:

1) акыркы отчеттук жыл үчүн жана акыркы үч жылдын суммасы боюнча чыгашасыз болуу;

2) акыркы жылдын ичинде өз ишин үзгүлтүксүз жүзөгө ашыруу;

3) коомдун финансылык отчету көз карандысыз аудитордун корутундусу менен ырасталышы керек;

4) башкаруунун төмөнкү органдарына ээ болушу:

а) катышуучулардын жалпы чогулушу;

б) Директорлор кеңеши;

в) аткаруу органы;

г) текшерүү комиссиясы;

5) корпоративдик башкаруу кодексине ээ болушу.

Облигацияларды чыгаруу үчүн кайра уюштуруу жолу менен түзүлгөн коом кайра уюштурулгандан кийин бирден кем эмес жылдык балансын бекитүүгө, ошондой эле ушул статьянын талаптарына ылайык келүүгө тийиш."; статья төмөнкүдөй мазмундагы 3-пункт менен толукталсын: "3. Облигациялардын эмитенти болуп саналган чарбалык коомдордо корпоративдик башкаруу кодекси - катышуучулардын жалпы чогулушу менен бекитилген, корпоративдик мамилелердин бардык катышуучуларынын укуктарынын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын сакталышына багытталган жана коомдун органдарынын, кызмат адамдарынын жана акционерлердин ортосундагы өз ара мамилелерди жөнгө салган принциптердин, эрежелердин жана жол-жоболордун жыйындасын камтыган коомдун ички документи колдонулат.".

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111347/st-2)
