# КР 2016-жылдын 19-майындагы № 65 "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 19-майындагы № 65 "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 65
- Кабыл алынган күнү: 19.05.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.04.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111344>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2163/edition/717303/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111344.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2016-жылдын 19-майындагы № 65 "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамы (13.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111344

---

КР 2017-жылдын 13-апрелиндеги N 58 Кодексине ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2016-жылдын 19-майы № 65 Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111344/st-1)

Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

### [86-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/111344/st-86)

төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "86-статья. Канды жана анын компоненттерин донордук берүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын талаптарын бузуу Канды жана анын продуктыларын, канды алмаштыруучу суюктуктарды даярдоодо, кайра иштетүүдө, сактоодо жана ташууда Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын, ошондой эле донордук канды жана (же) анын компоненттерин кайра куюуда колдонулуучу техникалык каражаттардын коопсуздугунун талаптарын сактабоо, - кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчүнүн экиден беш өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет. Донордук канды жана анын компоненттерин кайра куюу менен байланыштуу реципиенттерде келип чыккан реакциялар жана татаалдашуулар жөнүндө маалыматты бербегендик же жашыргандык, - кызмат адамдарына эсептешүү көрсөткүчүнүн бештен он өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111344/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Ш. Атамбаев
