Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Нотариат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Закон КР от 9 марта 2023 года № 54 "О нотариате"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2023-03-09.
Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 9-мартындагы № 54 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2016-жылдын 18-майы № 64 "Нотариат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене. "Нотариат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 9, 320-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 19-статьяда:
а) аталышында, 1 жана 2-бөлүктөрүндө ар түрдүү жөндөмө формаларындагы "Мамлекеттик" жана "мамлекеттик" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Ведомстволук" жана "ведомстволук" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 3-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
в) 5-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
2) 32-статьяда:
мамлекеттик тилдеги текстинде "Мамлекеттик нотариалдык архивдердеги" деген сөздөр "Ведомстволук нотариалдык архивдеги" деген сөздөргө алмаштырылсын; расмий тилдеги текстинде "в Государственном" деген сөздөр "в ведомственном" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Ш. Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Нотариат жөнүндөЗакон · 09.03.2023 · № 54
- Нотариат жөнүндөЗакон · 30.05.1998 · № 70 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (1)
- Нотариат жөнүндөЗакон · 09.03.2023 · № 54