# 1-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/111341)
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 16-майындагы № 62 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 16.05.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111341/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2160/edition/1120074/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111341/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу, 1-берене (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111341/st-1

---

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 922-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 521-беренеде: 1-бөлүгүнүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын кызмат адамдары аларга тийиштүү мамлекеттик ыйгарым укуктар берилген учурда төмөнкүлөргө укуктуу:"; 4-бөлүгүнүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын кызмат адамдары аларга тийиштүү мамлекеттик ыйгарым укуктар берилген учурда төмөнкүлөргө милдеттүү:"; 5-бөлүгүндө:

- "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары" деген сөздөр "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- "4" деген цифра "1" деген цифрага алмаштырылсын.

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111341/st-2)
