# 99-берене. Республикалык бюджеттин долбоорун үчүнчү окууда бекитүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111338)
- Документтеги орду: 20-глава
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 16-майындагы № 59 "Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 59
- Кабыл алынган күнү: 16.05.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 апреля 2025 года № 77 "О внесении изменений в Бюджетный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230025941)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 18.04.2025 [Закон КР от 18 апреля 2025 года № 77 "О внесении изменений в Бюджетный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230025941); 18.01.2022 [Закон КР от 18 января 2022 года № 2 "О внесении изменений в Бюджетный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112343)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111338#diff=15823..30868>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-99>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-27/edition/1283670/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111338/st-99.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси, 99-берене (14.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-99

---

1. Республикалык бюджет жөнүндө мыйзамдын долбоорун үчүнчү окууда кароонун натыйжалары боюнча Жогорку Кеңеш кезектеги бюджеттик жылга жана пландуу мезгилге республикалык бюджет жөнүндө мыйзамды кабыл алат.

2. Республикалык бюджет жөнүндө мыйзамдын долбоору Жогорку Кеңеш тарабынан жаңы бюджеттик жылдын башталышына чейин бир ай калгандан кечиктирилбестен каралат жана кабыл алынат.

3. Эгерде учурдагы жылдын аягына чейин бюджеттин долбоору кабыл алынбаса, Министрлер Кабинети жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ал бекитилгенге чейин Министрлер Кабинети тарабынан Жогорку Кеңештин, ал эми жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары - айылдык жана шаардык кеңештердин кароосуна киргизилген бюджеттин долбоорлорунда каралган чыгашалардын жылдык суммасынын он экиден бир бөлүгүнүн чектеринде ай сайын чыгашаларды жүргүзүүгө укуктуу.

4. Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган республикалык бюджет жөнүндө мыйзам 14 жумушчу күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Президентине кол коюуга жиберилет.

5. Жогорку Кеңеш өзүн-өзү таркаткан учурда республикалык бюджет Министрлер Кабинети тарабынан кабыл алынат жана Жогорку Кеңештин жана Министрлер Кабинетинин жаңы курамы түзүлгөндөн кийин бир айдын ичинде Жогорку Кеңештин бекитүүсүнө киргизилет.

(КР 2022-жылдын 18-январындагы № 2, 2025-жылдын 18-апрелиндеги № 77 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [98-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-98)  
Кийинки берене: [100-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-100)
