99-берене. Республикалык бюджеттин долбоорун үчүнчү окууда бекитүү
Күчүндө · 14.10.2025 редакциясы · 20-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 18 апреля 2025 года № 77
1. Республикалык бюджет жөнүндө мыйзамдын долбоорун үчүнчү окууда кароонун натыйжалары боюнча Жогорку Кеңеш кезектеги бюджеттик жылга жана пландуу мезгилге республикалык бюджет жөнүндө мыйзамды кабыл алат.
2. Республикалык бюджет жөнүндө мыйзамдын долбоору Жогорку Кеңеш тарабынан жаңы бюджеттик жылдын башталышына чейин бир ай калгандан кечиктирилбестен каралат жана кабыл алынат.
3. Эгерде учурдагы жылдын аягына чейин бюджеттин долбоору кабыл алынбаса, Министрлер Кабинети жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ал бекитилгенге чейин Министрлер Кабинети тарабынан Жогорку Кеңештин, ал эми жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары - айылдык жана шаардык кеңештердин кароосуна киргизилген бюджеттин долбоорлорунда каралган чыгашалардын жылдык суммасынын он экиден бир бөлүгүнүн чектеринде ай сайын чыгашаларды жүргүзүүгө укуктуу.
4. Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган республикалык бюджет жөнүндө мыйзам 14 жумушчу күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Президентине кол коюуга жиберилет.
5. Жогорку Кеңеш өзүн-өзү таркаткан учурда республикалык бюджет Министрлер Кабинети тарабынан кабыл алынат жана Жогорку Кеңештин жана Министрлер Кабинетинин жаңы курамы түзүлгөндөн кийин бир айдын ичинде Жогорку Кеңештин бекитүүсүнө киргизилет.
(КР 2022-жылдын 18-январындагы № 2, 2025-жылдын 18-апрелиндеги № 77 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 14.10.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
99-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 18 апреля 2025 года № 77 "О внесении изменений в Бюджетный кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 18 января 2022 года № 2 "О внесении изменений в Бюджетный кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
18.04.2025 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…тарабынан кабыл алынган республикалык бюджет жөнүндө мыйзам 14 алынып салынды: календардык кошулду: жумушчу күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Президентине кол коюуга … Кеңештин бекитүүсүнө киргизилет.
(КР 2022-жылдын 18-январындагы № алынып салынды: 2 Мыйзамынын редакциясына кошулду: 2, 2025-жылдын 18-апрелиндеги № 77 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (6)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-октябрындагы № 659 «Кыргыз Республикасынын 2026-жылга жана 2027–2028-жылдардын пландык мезгилине республикалык…Постановление · 10.10.2025 · № 659
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 15-декабрындагы № 810 "Кыргыз Республикасынын 2025-жылга жана 2026–2027-жылдардын пландык мезгилине республикалык…Постановление · 15.12.2025 · № 810
- Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөЗакон · 03.04.2015 · № 72 · Күчүн жоготкон
- КР Министрлер Кабинетинин 1512.25 №810 токтомуПостановление · 15.12.2025 · № 810
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-мартындагы № 170 "«Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын…Постановление · 17.03.2017 · № 170 · Күчүн жоготкон
- Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралууЗакон · 11.01.2019 · № 4 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111338/st-99" title="99-берене - Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>