# 98-берене. Республикалык бюджеттин долбоорун экинчи окууда бекитүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111338)
- Документтеги орду: 20-глава
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 16-майындагы № 59 "Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 59
- Кабыл алынган күнү: 16.05.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 апреля 2025 года № 77 "О внесении изменений в Бюджетный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230025941)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 18.04.2025 [Закон КР от 18 апреля 2025 года № 77 "О внесении изменений в Бюджетный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230025941); 18.01.2022 [Закон КР от 18 января 2022 года № 2 "О внесении изменений в Бюджетный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112343)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111338#diff=15823..30868>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-98>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-27/edition/1283670/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111338/st-98.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси, 98-берене (14.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-98

---

1. Жогорку Кеңеш кезектеги бюджеттик жылга жана пландуу мезгилге долбоордо сунуш кылынгандарды бюджеттик классификацияга ылайык төмөнкү параметрлерди тиркөө менен экинчи окууда карайт жана кабыл алат:

1) ички дүң продукцияга жана алардын абсолюттук суммасына карата республикалык бюджеттин кирешелеринин салыштырма салмагын;

2) ички дүң продукцияга жана алардын абсолюттук суммасына карата республикалык бюджеттин чыгашаларынын салыштырма салмагын;

3) ички дүң продукцияга карата абсолюттук цифраларда жана пайыздарда республикалык бюджеттин дефицитин/профицитин;

4) бюджеттин дефицитин жабуунун булактарын/профицитин пайдалануунун багыттарын;

5) кезектеги бюджеттик жылга жана кийинки болжолдонулуучу жылга республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин ортосундагы кирешелерди бөлүштүрүүнүн ченемдерин;

6) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ички жана тышкы карызынын жогорку чегин;

7) кезектеги бюджеттик жылга жана кийинки болжолдонулуучу жылга Министрлер Кабинетинин резервдик фонддорунун республикалык бюджеттеги ченемдик чоңдугун.

2. Кезектеги бюджеттик жылга жана кийинки болжолдонгон мезгилге республикалык бюджеттин негизги параметрлерин бекитүүдө кийинки бюджеттик жылга болжолдонгон ички дүң продукциянын көлөмү жана алдыддагы жылдын июлунун көрсөткүчтөрү менен учурдагы жылдын июлунун көрөсөткүчтөрү боюнча инфляциянын арымын керектөө бааларында көрсөтүлөт.

(КР 2022-жылдын 18-январындагы № 2, 2025-жылдын 18-апрелиндеги № 77 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [97-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-97)  
Кийинки берене: [99-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-99)
