# 97-берене. Республикалык бюджеттин долбоорун биринчи окууда бекитүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111338)
- Документтеги орду: 20-глава
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 16-майындагы № 59 "Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 59
- Кабыл алынган күнү: 16.05.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 января 2022 года № 2 "О внесении изменений в Бюджетный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112343)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111338#diff=1283677..1283680>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-97>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-27/edition/1283670/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111338/st-97.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси, 97-берене (14.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-97

---

1. Жогорку Кеңеш республикалык бюджет жөнүндө мыйзамды үч окууда кабыл алат.

2. Биринчи окууда Жогорку Кеңеш төмөнкүлөрдү карайт:

1) каралып жаткан мезгилдерге Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн болжолун;

2) кезектеги бюджеттик жылга жана пландуу мезгилге бюджеттик саясаттын программасын.

3. Биринчи окууда кабыл алынган республикалык бюджет жөнүндө мыйзамдын долбоору келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды эске алуу менен Жогорку Кеңешке экинчи окууда кароого киргизүүнү үчүн Жогорку Кеңештин тармактык комитетине жиберилет.

4. Фракциялар жана комитеттер жазуу жүзүндөгү сунуштарды Жогорку Кеңештин тармактык комитетине жана бир эле убакта эксперттик кызматына 5 күндүк мөөнөттө жиберет.

Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аларды республикалык бюджет жөнүндө мыйзамдын долбооруна киргизүүнүн/киргизбөөнүн мүмкүн экендиги жөнүндө корутундуну 10 күндүк мөөнөттө берет.

5. Республикалык бюджеттин долбоору биринчи окууда четке кагылган учурда Жогорку Кеңеш Министрлер Кабинетине аны биринчи окууда кайталап кароо үчүн республикалык бюджеттин долбоорун жеткире иштеп чыгуу жана кайрадан берүү үчүн мөөнөттү аныктайт.

(КР 2022-жылдын 18-январындагы № 2 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [96-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-96)  
Кийинки берене: [98-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-98)
