# 94-берене. Социалдык фонддун жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетинин долбоорун түзүүнүн тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111338)
- Документтеги орду: 19-глава
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 16-майындагы № 59 "Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 59
- Кабыл алынган күнү: 16.05.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 января 2022 года № 2 "О внесении изменений в Бюджетный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112343)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111338#diff=1283677..1283680>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-94>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-27/edition/1283670/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111338/st-94.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси, 94-берене (14.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-94

---

1. Кезектеги бюджеттик жылга жана пландуу мезгилге Социалдык фонддун жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетинин долбоору Министрлер Кабинети бекиткен тартипке жана мөөнөттөргө ылайык кезектеги бюджеттик жылга жана пландуу мезгилге республикалык бюджеттин долбоорун түзүүнүн календардык планын эске алуу менен ушул Кодекстин талаптарына ылайык түзүлөт.

2. Кезектеги бюджеттик жылга жана пландуу мезгилге Социалдык фонддун жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджеттеринин долбоорлору Министрлер Кабинетине кезектеги бюджеттик жылдын алдындагы жылдын 15-сентябрынан кечиктирилбестен берилет.

3. Социалдык фонддун жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджеттеринин долбоорлору Министрлер Кабинети тарабынан каралат жана кезектеги бюджеттик жылга жана пландуу мезгилге республикалык бюджеттин долбоору менен бир убакта Жогорку Кеңешке кезектеги бюджеттик жылдын алдындагы жылдын 1-октябрынан кечиктирилбестен берилет.

(КР 2022-жылдын 18-январындагы № 2 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [93-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-93)  
Кийинки берене: [95-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-95)
