# 93-берене. Эсептөө палатасынын бюджетинин долбоорун түзүүнүн тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111338)
- Документтеги орду: 19-глава
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 16-майындагы № 59 "Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 59
- Кабыл алынган күнү: 16.05.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-93>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-27/edition/1283670/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111338/st-93.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси, 93-берене (14.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-93

---

1. Эсептөө палатасы өз ишин каржылоо үчүн бюджеттин долбоорун ар жылы түзөт жана корутунду берүү үчүн Министрлер Кабинетине жиберет.

2. Эсептөө палатасы Министрлер Кабинетинин корутундусу менен бюджеттин долбоорун аны республикалык бюджеттин долбоорунун курамына киргизүү үчүн Жогорку Кеңештин тармактык комитетине макулдашууга жиберет.

3. Эсептөө палатасынын бюджетинин долбооруна Министрлер Кабинети тарабынан каршы пикирлер болгондо Жогорку Кеңештин тармактык комитети берилген каршы пикирлерди Министрлер Кабинетинин жана Эсептөө палатасынын өкүлдөрү менен биргелешип карайт. Эсептөө палатасынын макулдашылган бюджетинин долбоору республикалык бюджеттин долбооруна киргизүү үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберилет.

4. Эсептөө палатасы өз ишин камсыз кылуу үчүн зарыл болгон кошумча каржылоо жөнүндө Жогорку Кеңештин тармактык комитетине макулдашууга киргизүүгө укуктуу.

---

Мурунку берене: [92-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-92)  
Кийинки берене: [94-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-94)
