# 92-берене. Сот тутумунун бюджет долбоорун түзүүнүн тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111338)
- Документтеги орду: 19-глава
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 16-майындагы № 59 "Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 59
- Кабыл алынган күнү: 16.05.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 17 июня 2017 года № 106 "О внесении изменений в Бюджетный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111617)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111338#diff=1283679..1283671>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-92>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-27/edition/1283670/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111338/st-92.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси, 92-берене (14.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-92

---

1. Сот тутумунун бюджетин сот тутуму өз алдынча түзөт жана аткаруу жана мыйзам чыгаруу бийликтери менен макулдашуу боюнча республикалык бюджеттке киргизилет.

Сот тутумунун бюджетинин долбоору Судьялар кеңеши тарабынан кезектеги каржылык жылдын башталышына чейин 8 айдан кечиктирилбестен Министрлер Кабинетине макулдашуу үчүн жиберилет.

2. Пикир келишпестиктер болгондо, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган сот тутумунун бюджетинин долбоорун Министрлер Кабинетинин кеңешине жиберет. Судьялар кеңешинин өкүлдөрү жана Министрлер Кабинетинин кеңеши кезектеги бюджеттик жыл башталганга чейин 7 айдан кечиктирбестен макулдашуу жол-жобосун өткөрүүгө жана аяктоого милдеттүү.

Макулдашууга жетишилген учурда, Судьялар кеңеши макулдашылган сунуштарды эске алуу менен сот тутумунун бюджетинин долбоорун жеткире иштеп чыгат жана Министрлер Кабинетине киргизет. Макулдашууга жетишилбеген учурда, Судьялар кеңешинин сунуштары жана Министрлер Кабинетинин сот тутумунун бюджетинин долбоору боюнча корутундусу бир убакытта Жогорку Кеңештин кароосуна жиберилет.

3. Тиешелүү жылга республикалык бюджетти түзүүдө сот тутумунун бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн көлөмү Судьялар кеңешинин макулдугу менен гана мурдагы жылдын бекитилген көрсөткүчтөрүнөн төмөн болушу мүмкүн.

(КР 2017-жылдын 17-июнундагы № 106 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [91-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-91)  
Кийинки берене: [93-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-93)
