# 91-берене. Республикалык бюджеттин долбоорун түзүү тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111338)
- Документтеги орду: 19-глава
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 16-майындагы № 59 "Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 59
- Кабыл алынган күнү: 16.05.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 апреля 2025 года № 77 "О внесении изменений в Бюджетный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230025941)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 18.04.2025 [Закон КР от 18 апреля 2025 года № 77 "О внесении изменений в Бюджетный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230025941); 18.01.2022 [Закон КР от 18 января 2022 года № 2 "О внесении изменений в Бюджетный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112343)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111338#diff=15823..30868>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-91>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-27/edition/1283670/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111338/st-91.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси, 91-берене (14.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-91

---

1. Кыргыз Республикасынын бюджетинин долбоору Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү тартип жана календардык план боюнча ушул Кодекстин жоболоруна ылайык түзүлөт.

2. Чыгашалардын ведомстволук квалификациясы боюнча контролдук цифралар кезектеги бюджеттик жылга жана пландуу мезгилге ведомстволордун бюджеттеринин долбоорлорун түзүү үчүн бюджеттик каражаттардын башкы тескөөчүлөрүнө негиз болуп саналат.

3. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бюджеттик каражаттардын башкы тескөөчүлөрүнүн (тескөөчүлөрдүн, алуучулардын) өкүлдөрүнүн катышуусу менен контролдук цифралардын сакталышын контролдоону жүзөгө ашырат, кирешелердин жана чыгашалардын долбоорлорун, бюджеттик программалардын долбоорлорун карайт, зарыл болгондо аларга тиешелүү тактоолорду киргизет жана бюджеттик каражаттардын башкы тескөөчүлөрүнүн (тескөөчүлөрдүн, алуучулардын) өкүлдөрү менен макулдашуу боюнча республикалык бюджеттин долбоорун түзөт.

Пикир келишпестиктер болгондо ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бюджеттин долбоорун кезектеги бюджеттик жылдын башталышына чейин 7 ай калгандан кечиктирбестен тиешелүү чечим кабыл алуу үчүн Министрлер Кабинетинин кеңешине жиберет. Макулдашууга жетишилбеген учурда Министрлер Кабинетинин кеңеши республикалык бюджеттин долбооруна бюджеттин иш жүзүндөгү мүмкүнчүлүктөрүнө негизденүү менен каражаттарды башкы тескөөчүнүн (тескөөчүнүн, алуучунун) долбоорун республикалык бюджеттин долбооруна киргизүү жөнүндө сунуштайт.

4. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган кезектеги бюджеттик жылга жана пландуу мезгилге республикалык бюджет жөнүндө мыйзамдын долбоорун кезектеги бюджеттик жылдан мурдагы жылдын 15-сентябрынан кечиктирбестен Министрлер Кабинетине берет.

5. Министрлер Кабинети алдыдагы мезгилге республикалык бюджет жөнүндө мыйзамдын долбоорун ушул Кодекстин талаптарына ылайык кезектеги бюджеттик жылдан мурдагы жылдын 1-октябрынан кечиктирбестен Жогорку Кеңештин кароосуна киргизет.

(КР 2022-жылдын 18-январындагы № 2, 2025-жылдын 18-апрелиндеги № 77 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [90-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-90)  
Кийинки берене: [92-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-92)
