# 90-берене. Бюджет жөнүндө ченемдик укуктук актылардын долбоорлору

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111338)
- Документтеги орду: 19-глава
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 16-майындагы № 59 "Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 59
- Кабыл алынган күнү: 16.05.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 апреля 2025 года № 77 "О внесении изменений в Бюджетный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230025941)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 18.04.2025 [Закон КР от 18 апреля 2025 года № 77 "О внесении изменений в Бюджетный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230025941); 18.01.2022 [Закон КР от 18 января 2022 года № 2 "О внесении изменений в Бюджетный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112343)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111338#diff=15823..30868>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-90>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-27/edition/1283670/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111338/st-90.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси, 90-берене (14.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-90

---

1. Кезектеги бюджеттик жылга жана пландуу мезгилге бюджет жөнүндө ченемдик укуктук актылардын долбоорлору тиркемеге ылайык төмөнкүдөй көрсөткүчтөрдүн болжолун камтыйт:

1) кирешелер, чыгашалар, бюджеттин дефицити жана аны жабуунун булактары/бюджеттин профицити жана аны пайдалануунун багыттары боюнча бюджеттин негизги параметрлери;

2) башкы тескөөчүлөрдүн (тескөөчүлөрдүн, алуучулардын) чыгашаларын ведомстволук, функциялык, экономикалык, программалык классификациясы боюнча бюджеттик ассигнованиелерди;

3) аткаруу бийлик органдары тарабынан көрсөтүлүүүчү мамлекеттик жана муниципалдык акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөрдү жана кирешелерди пайдаланууну;

4) бюджеттик инвестициялар каржылоо булактары (кошо каржылоо) боюнча төмөнкүлөргө бөлүнөт:

а) мамлекеттик тышкы инвестициялар;

б) капиталдык салымдар;

в) (КР 2025-жылдын 18-апрелиндеги № 77 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

г) мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун;

д) түрткү берүүчү (үлүштүк) гранттар;

е) бюджеттик насыялоо;

5) Мамлекеттик бюджеттик резервдин көлөмүн;

6) жалпы мамлекеттик кирешелерден чегерүүлөрдүн ченемдерин;

7) бюджеттер аралык трансферттердин, бюджеттик ссудалардын көлөмдөрүн жана бөлүштүрүлүшүн;

8) бюджеттик каражаттарды башкы тескөөчүлөрдүн бюджеттик программаларынын долбоорлорун;

9) тышкы жана ички булактардан карызга алууларды;

10) бюджеттик ссудалардын жана насыялардын кайтарып алынышын;

11) ушул Кодексте белгиленген учурларда берилген мамлекеттик карыздын жана мамлекеттик кепилдиктердин четки өлчөмүнө негиздемени;

12) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Жогорку Кеңеш (жергиликтүү кеңештер) тарабынан бекитилүүгө же жактырууга жаткан башка болжолдорду (эсептөөлөрдү, баалоолорду) жана ченемдерди;

13) каржылык эместерди кошкондо, активдердин өзгөрүшүнүн көрсөткүчтөрүн.

2. Кезектеги бюджеттик жылга жана пландуу мезгилге бюджет жөнүндө ченемдик укуктук актынын долбооруна төмөнкүлөр кирген түшүндөрмө кат тиркелет:

1) негизги макроэкономикалык көрсөткүчтөрдүн негиздемеси;

2) бюджеттин ресурстарын жана чыгашаларын түзүүнүн, фискалдык тобокелдиктерди баалонун принциптери;

3) бюджеттик инвестицияларды ишке ашыруунун багыттары;

4) мамлекеттик карызды башкаруу жана туруктуулугун талдоо саясаты.

(КР 2022-жылдын 18-январындагы № 2, 2025-жылдын 18-апрелиндеги № 77 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [89-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-89)  
Кийинки берене: [91-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111338/st-91)
